Министрдин орун басары Н. Малаев: Сочи шаарындагы Евразия өкмөттөр аралык кенешинин жыйынынын негизги жыйынтыктары тууралуу

Новости
14-Июнь 2023-ж.
1798

2023-жылдын 14-июнунда “Кабар” улуттук агенттигинде 7-8-июнда Россия Федерациясынын Сочи шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңеши, ошондой эле Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция болуп өттү. Бул маанилүү жолугушуулардын алкагында Жаштар форуму, Евразия конгресси жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү өткөн.

Жогоруда айтылган жолугушуулардын негизги жыйынтыктары тууралуу КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, КР ЭКМдин Экономика секторлоруна макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев маалымат беришти.

Министрдин орун басары Н.Малаев белгилегендей, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жалпысынан 22 маселе каралды.

Белгилүү болгондой 7-8-июнь күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында Евразия өкмөттөр аралык кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун төрагалыгынын астында КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйындары болуп өттү. Бул маанилүү жыйындардын алкагында Жаштар форуму, Евразия конгресси жана ЕАЭБ өлкөлөрү өндүргөн товарлардын көргөзмөсү болду.

Жогоруда айтылган жыйындардын негизги жыйынтыктарына токтоло кетейин. Евразия өкмөттөр аралык кенешинин жыйынында жалпысынан 22 маселе каралды.

Евразия экономикалык бирлигинде климаттык маселелелер боюнча бирдиктүү мамилелер иштелип чыгат

Атап айтканда, жыйынында Евразия экономикалык комиссиясына бирликке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү  менен биргеликте климаттык жөнгө салуу маселелери боюнча бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

Ага ылайык бирдиктүү мамилелер бир катар багыттарды камтуусу зарыл:

– Кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашырууга шарттарды түзүү;

– Климаттык жөнгө салуудан келип чыгуучу бирликтин алкагында соода жүгүртүүгө тоскоолдуктарды алдын алуу мамилелерин иштеп чыгуу;

– Климаттык жөнгө салуудагы аз көмүртектүү өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган тарифтик жана фискалдык чараларды иштеп чыгуу. 

Маалымат ирээтинде, Кыргызстан климат маселелеринин алкагында фискалдык чараларды көрө баштады. Алсак, Салык Кодексинде жаратылыш газы, электр энергиясы, электромобилдер, заряддоочу каражаттар, энергияны кайра жаралуучу булактарын колдонуудагы жабдууларды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулду. 2023-жылы 10 мин элетромобил ташып келүүгө тарифтик жениликтер берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын "Кадимкидей бизнес" (“Бизнес как обычно”) сценарийи боюнча 15,97% жана эл аралык колдоо менен 43,62% кыскартуу милдетин алган.

 ЕАЭБде санариптик өнүгүү боюнча жол картасы иштелип чыгат

7-8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында  бирликтин санарип күн тартибин жана интеграциялык маалымат системасынын өнүгүүсү боюнча маселе каралып Евразия экономикалык комиссиясына бирликке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү  менен биргеликте бул тармакты өнүктүрүү чараларын көрүү боюнча тапшырма берилди.

Тапшырмага ылайык, 2023-жылдын аягына чейин Бирлик жөнүндө келишимде каралган кызматташуу чөйрөлөрүндөгү санариптик трансформация боюнча бирдиктүү мамилелер иштелип чыгат. Мындан тышкары Бирликтеги интеграциялык маалымат системасынын базасында инфротүзүмдүк камсыздоо боюнча 2025-жылга чейинки жол картасы иштелип чыгат.

Белгилей кетсек бирликтеги санариптештирүү андагы баардык административдин жана башка процедураларды автоматташтырып өз ара мамилелерди женилдетүүгө, соодадагы тоскоолдуктарды алдын алууга шарт түзөт.

ЕАЭБдеги санаритик системаны өнүктүрүүгө багытталган 77 жалпы процесстин 21ине Кыргыз Республикасы толугу менен кошулуп бул багытта ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда турат.

 ЕАЭБ менен Иран соода келишимин түзөт

7-8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Евразия экономикалык бирлиги менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүү келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү каралды.

Келишимдеги негизги артыкчылык товар жүгүртүүдө тарифтик женилдиктерди берүү, бажы алымдарынын ставкаларын азайтуу жана алып салуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда убактылуу соода келишими иштейт. Андагы баардык женилдиктер жаны түзүлүүчү келишимде сакталып калат.

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө, 2022-жылы 1.8 эсеге өстү, анын ичинен экспорт 14 эсеге, ал эми импорт 1.3 эсеге өскөн.

2023-жылдын 1 кварталынын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү 2.5 эсеге, анын ичинде импорт 2 эсе, экспорт 5.4 эсеге өстү.

Бизге Ирандан чай, кургатылган жемиштер, боектор, килем жана башка товарлар келет. Бизден Иранга фасоль, кургатылган жемиштер, жангак, эт жана башка товарлар экспорттолот.

 Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын ортосунда өз ара соодада электрондук навигациялык пломбалар колдонула баштады

7-8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу боюнча чечим кабыл алынды.  

Буга чейин Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ортосунда өз ара соодада электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүү чечими кабыл алынган. Пилоттук долбоор 2023-жылдын 31-майынан ишке киргизилген. Экспериментти жүргүзүү мөөнөтү 2023-жылдын 1-июлуна ченйн болчу. Анын натыйжалуулугун арттыруу максатында пилоттук долбоордун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды.

Навигациялык пломбаларды колдонуу өз ара соодада товарлардын эсепке алынбай калуу тобокелдиктерин жок кылууга, ички рыноктогу тоскоолдуктары болтурбоого шарт түзөт.

 Илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

7-8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Келишим күчүнө киргенден кийин илимий даражасы жөнүндө улуттук документтери бар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматкерлери узакка созулган нострификациядан өтпөстөн (чет өлкөлүк жарандардын билими тууралуу документтерин таануу тартиби) ЕАЭБдин башка мамлекетинде жумушка орношо алышат. 

Бул жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн жогорулатып, ЕАЭБде илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.Макулдашуунун алкагында философия илимдеринин доктору (PhD), профилдеги доктор, илимдин кандидаты жана доктору илимий даражалары боюнча документтерди өз ара таануу пландаштырылууда.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө нострификациялоо процедурасы татаалдыгы жана узактыгы боюнча айырмаланат.

ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча аракеттер күчөтүлдү

7-8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюунун жүрүшү тууралуу маалыматты карашты.

Учурда тоскоолдуктар реестринде камтылган он бир тоскоолдуктун ичинен төртөө жоюлуп, дагы төртөө боюнча аларды жоюлган деп таануу процедуралары жүрүп жатат. 

Калган үч тоскоолдук боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылары даярдалган же өлкөлөрдө жогорку деңгээлде даярдыктар жүрүүдө.

Медиативдик мамиленин аркасында аларды жоюунун темпи эки эсеге өстү.Медиация ыкмасы ЕЭК Коллегиясы тарабынан 2023-жылдын  28-мартында кабыл алынган Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды квалификациялоо жана чектөөлөрдү жоюлган деп таануу методологиясынын жаңыланган редакциясына киргизилген.Биринчиден, тоскоолдуктун белгилери аныкталганда, алдын ала корутунду стадиясында мүчө мамлекеттер менен эксперттик консультациялар өткөрүлөт, андан кийин тоскоолдуктарды жоюуга багытталган чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн аныктоо үчүн жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүлөт. 

Мындай мамиле көйгөйлүү кырдаалдарды кароонун бардык этаптарында мүмкүн болушунча ыктыярдуу негизде тоскоолдуктарды четтетүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт коридорлорун санариптештирүүнүн үстүндө иштеп жатат

 7-8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан ЕАЭБ мамлекеттериндеги транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү маселелери каралды.

Анын ичинде транспорт коридорлорун санариптештирүү жана Бирликтеги транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфроструктуралык долбоорлор каралды.

Маалым болгондой аталган артыкчылыктуу интеграциялык инфроструктуралык долбоорлордун тизмеси 2022-жылдын 26-августунда Кыргызстанда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бекитилген.

Анда Кыргызстандын тизмеге “Луговая-Балыкчы” темир жол тилкеси электрофикациялоо долбоору кирген. Бул темир жол тилкеси Кыргызстанды Казахстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырат.

Мындан тышкары Кыргызстан тизмеге дагы эки долбоорду кошууну сунуштады. Бул “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал-Джалал-абад” темир жол долбоору жана Бишкек шаарынын айланма жолун реконструкциялоо долбооруна техникалык негиздеме иштеп чыгуу долбоору.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрү менен транспорт коридорлорун санариптештирүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгы айтылды. Ал үчүн тиешелүү пландар ишке ашырылууда.

  Евразия өнүктүрүү институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

2023-жылдын 8-июнунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында Кыргызстан, Россия жана Армениянын стратегиялык изилдөө институттары Евразиялык өнүктүрүү институттарынын консорциумун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

ЕАЭБ алкагында өнүктүрүү институтун түзүү маселеси 2018-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда концептуалдык түрдө чагылдырылган.Бул консорциумду уюштуруу мамлекеттер ортосундагы өз ара мамилелерди тереңдетүү боюнча күч – аракеттерди бириктирүү жана интеграциялык кызматташтык, Евразия мейкиндигиндеги мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, мамлекеттердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду издөө, иштеп чыгуу жана колдоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн мамилелерди иштеп чыгуу максатында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин институттарын бириктирүүнү билдирет.

КМШ Өкмөт башчылары Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту

2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун төрагалыгынын астында КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бардыгы болуп социалдык - экономикалык өз ара аракеттенүү, өнөр жай кооперациясы, климат жана башка 15 маселе каралды.

Отурумдун жүрүшүндө бир катар макулдашууларга, анын ичинде Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу, уюштуруу, ишмердүүлүк жана инвестицияларды ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул Макулдашуу экономиканы өнүктүрүү үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүп жаткан маанисин эске алуу менен экономикалык интеграцияны камтууну андан ары кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара сооданы кеңейтүү жана аны либералдаштыруу деңгээлин жогорулатуу жана бир Тараптын жактары тарабынан башка Тараптардын аймактарында инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 2023-жылы көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылат.

  Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы

 ЕАЭБ өлкөлөрү 2022-жылдагы өз ара сооданын жалпы көлөмү боюнча 38,4%ды (2021-ж. – 41,1%) ээлеген, анын ичинде экспортто – 65,8% (28,8%) жана импортто – 32,1% (47,2%) түзүп Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4532,0 млн долларды түздү. жана 2021-жылга салыштырмалуу 32,3%га көбөйдү. экспорт 1437,8 млн долларды түзүп, (1,8 эсеге өскөн), импорт – 3094,2 млн долларды түзгөн (17,4%га өсүш).

2023-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 825,8 млн долларды түзгөн.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,2%га азайып, экспорт 

232,8 млн долларды түзсө (өсүү 13,3%), импорт – 593,0 млн долларды түзгөн (14,6%га азайган).

ЕАЭБ өлкөлөрү сүт азыктары, балык азыктары, жашылчалар, жемиштер жана ар кандай жаңгактар, кийим-кече жана аксессуарлар, айнек жана айнек идиштер жана башкалар сыяктуу товарлардын негизги керектөөчүлөрү болуп келген жана болуп кала берет.

Импорттук түшүүлөр боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү республикада өндүрүшү жок же жетишсиз көлөмдө өндүрүлгөн энергетикалык продуктыларды, чийки заттарды жана өндүрүштүк максаттар үчүн зарыл болгон товарларды негизги жеткирүүчүлөр болуп саналат.

Алар көмүр, жаратылыш газы, мунай продуктулары, буудай жана буудай уну, өсүмдүк майы, кант, ар кандай таштар (гранит, мрамор ж. б.), акиташ агымы, жыгач, кагаз, картон, кара металлдар жана андан жасалган буюмдар, таш буюмдары, гипс, цемент, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор, органикалык эмес химия продукциялары, жер семирткичтер ж.б.

 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен товар жүгүртүүсү 3234,6 млн долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 40,3%га көбөйгөн, ал эми экспорт – 963,6 млн долларды (2,5 эсеге өскөн), импорт – 2271,0 млн. түзгөн (18,8%га өсүш).

2023-жылдын январь-март айлары Кыргыз Республикасынын Россия менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 505,4 млн долларды түзүп, 

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,8%га азайган, ал эми экспорт 116,0 млн долларды (өсүү 19,8%), импорт – 389,4 млн. долларды түзгөн (25,9% азайуу).

Кыргыз Республикасынын Россияга экспортунда негизги үлүштү жеңил жана текстиль өнөр жайынын продукциялары (кийим-кече, бут кийим, башка текстиль буюмдары, пахта буласы), жашылча-жемиштер, ар кандай жаңгактар, сүт азыктары, булгаары буюмдары, сыныктар жана кара, тустуу металлдардын калдыктары, электр лампалары ысытуу лампалары, автотранспорттун запастык белуктеру, мунай продуктылары (автокеросин) жана башкалар.

Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлар: отун-энергетикалык ресурстар (нефть продуктылары, жаратылыш газы), тамак-аш азыктары жана айыл чарба сырьесу, химия өнөр жайынын продукциясы, кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар, жыгач жана целлюлоза-кагаз буюмдары, машиналар, жабдуулар жана транспорт каражаттары, алардын тетиктери, текстиль жана бут кийим жана башка даяр продукция.

 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен соода жүгүртүүсү 1188,0 млн долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,8%га көбөйгөн ал эми экспорт – 438,2 млн долларды (өсүү 14,6%), импорт -749,8 млн долларды түгөн жана 13,3%га өскөн.

2023-жылдын январь-март айлары Кыргыз Республикасынын Казакстан менен өз ара соодасынын көлөмү 299,0 млн долларды түзүп, 

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,9%га көбөйгөн. экспорт 110,6 млн долларды (6,2%га өсүш), импорт – 188,3 млн долларды түзгөн (20,8%га өсүш).

Негизги экспорттук товарлар: тамак-аш азыктары жана айыл чарба чийки заты, пластмассадан жасалган буюмдар, боектор, лактар, самындар, жуучу каражаттар, парфюмериялык жана косметика, резина буюмдары ж. металлдар ж.б.

Негизги импорттук товарлар: азык-түлүк жана айыл чарба чийки заты, мунай продуктулары, көмүр, электр энергиясы, органикалык эмес химиялык заттар, жер семирткичтер, самындар, жуучу каражаттар, парфюмерия жана косметика, фармацевтика буюмдары, пластмасса буюмдары, лактар, боектор, жыгач буюмдары, кагаз, картон, машиналар жана жабдуулар, электр машиналары жана приборлору, транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, ар кандай аспаптар, медициналык жабдуулар, кара, түстүү, баалуу эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар, минералдык сырье, керамика, айнек, жыгач буюмдары, ар кандай даяр буюмдар ж.б.

 2022-жылы Беларусь менен соода жүгүртүү 2021-жылга. салыштырмалуу 40,5%га көбөйүп 104,0 млн. долларын түзгөн, анын ичинде экспорт 35,7 млн долларды түзүп (2,3 эсеге өсүү), импорт – 68,3 млн долларды түзгөн (17,5%га өсүш).

Экспорттолуучу товарлар: автотранспорттун запастык бе-луктеру, аз келемдегу кийим-кечелер, жаалар, бут кийимдер, пахта буласы.

Импорттолуучу товарлар: эт азыктары, кант жана кондитердик азыктар, жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар, фармацевтикалык буюмдар, самын жана жуучу каражаттар, пластмасса буюмдары, резина жана пластмассадан жасалган буюмдар, жер үстүндөгү транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, ар кандай электр аппараттары, жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр, кийим-кече, эмерек, ар кандай аспаптар жана аппараттар, кагаз буюмдары, керамикалык буюмдар ж.б.

2023-жылдын январь-март айлары Кыргыз Республикасынын Беларусь менен өз ара соодасынын көлөмү 20,9 млн долларды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу. 26,0%га көбөйгөн, анын ичинде. экспорт 

6,1 млн долларды түзсө (1,4 эсеге өсүү), импорт – 14,8 млн. долларды түзгөн (20,8%га өсүш).

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Армения Республикасы менен соода жүгүртүүсү 5,4 миллион долларды түзгөн жана 2021-жылга салыштырмалуу. 1,6 эсеге өскөн, анын ичинде импорт - 5,1 млн долларды түзүп, 1,5 эсеге өскөн, экспорт 0,3 млн долларды түзүп. жана 3,1 эсеге көбөйгөн.

Импортто негизги үлүштү автоунаалар жана мунай продуктулары (дизель майы), дары-дармектер, аз көлөмдө ар кандай тамак-аш азыктары, колбаса жана башка эт азыктары, этил спирти, мал азыгы ж.б. ээлейт.

Экспортто негизги үлүштү жаңы жана кургатылган буурчак өсүмдүктөрү ээлейт.

2023-жылдын январь-март айлары Кыргыз Республикасынын Армения Республикасы менен өз ара соодасынын көлөмү 0,646 млн. долларды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу12,7%га азайган, ал эми экспорт 0,083 млн долларды (9,4%га азайган), импорт – 0,562 млн долларды түзгөн (13,1%га азайган).

 Акча которуулар жана бажы алымдарынын келип түшүүлөрү

 2022-жылы жеке адамдардан которуу системалары аркылуу акча которуулардын жалпы дүң агымы болжол менен 2 млрд. 928 млн. АКШ долларын түздү;

- Россия Федерациясынан 2 млрд 780 млн АКШ долларын түздү (жалпы агымдын 95%га жакын);

- Казакстан Республикасынан - 9,49 млн. АКШ доллары.

Ошол эле учурда, ЕАЭБдин айрым мүчө-мамлекеттерине карата санкциялык басымга байланыштуу түзүлгөн кырдаалга карабастан, жеке жактардан акча которуулардын агымынын көлөмүнүн өсүшү байкалууда (2021-жылга салыштырмалуу которуулардын көлөмү болжол менен 172 млн долларга көбөйгөн, же өсүү темпи 106% түздү).

2023-жылдын январь-мартында жалпы агым 467,95 млн долларды түздү (Орусия – 420,59 миллион доллар, Казакстан – 13,09 млн доллар).

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине Бирликке мүчө мамлекеттерден 7 млрд.393,9 млн сом өлчөмүндө импорттук бажы алымдары түшкөн (пландын аткарылышы 111%ды түздү).

Онлайн кайрылуу