2023-жылдын 7-июнунда ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин соода саясатынын серепине (ССС) катышты.
Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов билдирди. Еврокомиссиянын соода боюнча башкы директору Сабрина Вайанд айым жетектеген өлкөлөрдүн делегацияларын тосуп алып, ДСУнун катчылыгы менен бирге даярдалган баяндамалар үчүн ыраазычылык билдирди.
Н.Максүтов белгилегендей, Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы 1991-жылы республика эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өнөктөш болуп, жыл сайын кызматташууну жана өз ара аракеттенүү багыттарын кеңейтүүдө. Ал өзүнчө 1999-жылдагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун ролун белгилеп, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыга турган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине жакын арада кол коюларына ишенимин билдирди.
Ал ошондой эле ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы товар соодасы 2021-жылдагы 342 миллион долларга жана 2020-жылы 309 миллион долларга салыштырмалуу 2022-жылы 602,6 миллион долларга өскөнүн белгиледи. Бул контекстте Кыргыз Республикасы үчүн ВСП+ статусунун маанилүүлүгү өзүнчө баса белгиленип, 2034-жылга чейинки мезгилге ЕБнын жаңы ВСП стратегиясынын өз убагында кабыл алынышына үмүт артты.
Учурдагы өсүшкө карабастан, Н.Максүтовдун айтымында, эки тараптуу сооданын деңгээли товарларды соодалоодо да, кызмат көрсөтүүдө да бир топ чоң потенциалга ээ. Айыл чарба, энергетика жана туризм келечектүү багыттарга айлана алат. Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча милдеттенмелер 3-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишельдин биргелешкен билдирүүсүндө тастыкталды.
Ошондой эле ЕБ ДСУнун эң активдүү мүчөлөрүнүн бири экендиги, ал өзүнүн негизги функцияларын ишке ашырууга тынымсыз салым кошуп жаткандыгы белгиленди. Ал ДСУнун потенциалын жогорулатуу жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын негизги донорлорунун бири болуп саналат, андан Кыргыз Республикасына чоң пайда алып келет.
Жыйынтыгында Н.Максүтов белгилегендей, ЕБ Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү жана ДСУда кызматташуу өнөктөштүктүн маанилүү элементи болуп саналат.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын атынан ЕБге ДСУнун алкагындагы көп тараптуу талкууларга активдүү жана конструктивдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Соода саясатынын ийгиликтүү каралышын каалады.
Маалымат иретинде:
Соода саясатын карап чыгуу механизми – бул ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатына жана алардын ДСУнун эрежелерине, нормаларына жана милдеттенмелерине ылайык келишине жамааттык мониторинг жүргүзүү системасы. ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатын үзгүлтүксүз карап чыгуунун максаты ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатынын ачыктыгын жогорулатуу аркылуу көп тараптуу соода системасынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү болуп саналат. ДСУнун бардык мүчөлөрү соода саясатын карап чыгуу процессинен өтүшөт. Дүйнөлүк соодада эң чоң үлүшкө ээ болгон төрт мамлекет (учурда Европа Биримдиги, АКШ, Жапония жана Кытай) эки жылда бир жолу, андан кийин 16 мамлекет төрт жылда бир, калгандары алты жылда бир процедурадан өтүшөт. Азыраак өнүккөн өлкөлөр үчүн узак мөөнөт аныкталышы мүмкүн.