Алматы шаарында КР экономика жана коммерция министрлиги менен бирге Электрондук коммерция ассоциациясы, Эл аралык соода борбору тарабынан уюштурулган бизнес-тур болуп өттү

Новости
05-Июнь 2023-ж.
1793

2023-жылдын 1-июнунан 3-июнуна чейин Казакстан Республикасынынын Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен бирге Электрондук коммерция ассоциациясы, Эл аралык соода борбору (ЭCБ) тарабынан уюштурулган Бизнес-тур болуп өттү.

Иш-чарага КР Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстандын AEC, ITC, Glovo, Optima bank, ISCO marketplace, MPC, Freedom Pay, I DO MARKETING, Optima bank, Mega, сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү катышты. 

Сапардын максаты казакстандык жана кыргыз компанияларынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү, ошондой эле Кыргызстандын бизнес ээлерине жана топ-менеджерлерине инновациялар, иштеп чыгуулар жана казакстандык компаниялардын иштөө принциптери жөнүндө алдыңкы билимдерди алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүү аркылуу тажрыйба алмашуу ( Freedom Pay, Office Expert Jusan marketplace, Kazpost, Technodom kz, OneVision), ошондой эле Казакстандын Алматы шаарындагы уюмдар жана компаниялар менен жолугушуулар, экскурсиялар жана талкуулар аркылуу өнөктөштүк долбоорлорун куруу болуп саналат.