КР ЭКМ башчысынын Ирандын элчиси менен өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуусу жөнүндө

Новости
05-Июнь 2023-ж.
914

2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Иран Ислам Республикасынын (ИИР) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазинин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуусу болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар 3 жылдагы биргелешкен ишинин жыйынтыгын чыгарып, актуалдуу маселелерди, эки тараптуу кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тараптар бүгүнкү күндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн жакшы шарттар даярдалганын, анын ичинде Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселесин иштеп чыгуу боюнча жетишилген макулдашуулар, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыктын негиздери түзүлгөнүн белгилешти,медицина, транспорт, логистика, энергетика жана башка тармактарда кызматташууну орнотуу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Элчи ошондой эле министр Д.Амангелдиевди кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, соода-экономикалык кызматташтыкта өз ара аракеттенүүдө Комиссиянын абдан маанилүү ролун белгиледи.

Өз кезегинде министр элчиге Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, С.Харразинин Ирандын Кыргызстандагы элчи кызматындагы үзүрлүү ишин белгиледи жана анын мындан аркы ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу