Москвада өткөн «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразиялык форуму тууралуу

Новости
26-Май 2023-ж.
1022

Ушул жылдын 24-25-майында Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” экинчи Евразиялык форуму өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана министрдин орун басары Назарбек Малаев катышты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынан келген катышуучулар: Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Эмгек министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Маданият министринин орун басары Самат Шатманов, Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева, КР Өкмөтүнө караштуу УИАнын орун басары Жалын Жээналиев, КР ЖОЖдорунун ректорлору ж.б. ишкер чөйрөлөр. Иш-чарага  ошондой эле «Дордой» ТРКсынын профсоюз уюмунун жетекчиси Дамира Дооталиева, транспорт тармагынын өкүлү Игорь Голубев жана башкалар катышты.

Форумдун максаты экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, катышуучулардын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосунда кооперативдик байланыштарды калыптандыруу, ошондой эле инвестициялык, инновациялык жана экспорттук потенциалды жогорулатуут болуп саналат.

Форумдун катышуучулары 30дан ашык тематикалык багыттарды талкуулап, ой бөлүшүштү. Программа ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттарын камтыды: илимий-техникалык кызматташтык, каржы сектору, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана ветеринария, Биримдиктин ички рыногун өнүктүрүү, электрондук коммерция, бажылык жөнгө салуу, мисалы, жасалма интеллектти өнүктүрүү, климаттык күн тартиби ж.б. заманбап темалар да камтылган.

Россия Федерациясынын Стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан уюштурулган эртең мененки тамактануу учурундагы иштиктүү бизнес жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев катышып, сөз сүйлөдү. Министр өз сөзүндө мүчө-мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү прогрессивдүү чечимдерди издөөдө СДАнин ишмердүүлүгүнө оң баа берип, ЕАЭБдин алкагында көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү, анын ичинде мүчө мамлекеттердин экономикасынын өнүгүү деңгээлин теңдештирүү инструменти катары мүчө-мамлекеттердин экономикасын каржылоо зарылчылыгы темасын көтөрдү. Буга байланыштуу министр ЕАЭБ институттарын мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу сунушун айтты, анын максаты өнөр жай долбоорлоруна финансылык ресурстарды бөлүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык өнүгүүдөгү ажырымдарды жоюу болуп саналат. Жогоруда айтылгандардан тышкары, министр инвестициялык климатты жакшыртуу жана интеграциялык бирикменин жагымдуулугун жогорулатуу максатында ЕАЭБ рейтингдик агенттигин андан ары ишке киргизүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Н.Малаев өнөр жай, ички рынокту өнүктүрүү, климаттын күн тартиби жана электрондук коммерция сыяктуу темалардын кеңири чөйрөсү боюнча бир катар талкуу сессияларына катышты.

Электрондук коммерция боюнча сессиянын жүрүшүндө Н.Малаев Кыргыз Республикасында бул чөйрөнү өнүктүрүү максатында ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Кыргыз Республикасынын субъекттеринин ири базарлар менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу маалымат менен бөлүштү. 

Климат маселелерине арналган сессияда министрдин орун басары Н.Малаев чогулгандарга Кыргыз Республикасынын климаттын туруктуулугуна жетишүү боюнча аракеттери, атап айтканда, тиешелүү жол картасын бекитүү, станциялар, көмүртектүү энергияны этап менен чыгаруу ниеттери, таксономияны өнүктүрүү, электр транспортун жана ага байланыштуу инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл буруу, ошондой эле чакан жана орто ГЭСтерди куруу пландары жөнүндө маалымат берди.

Өнөр жайдын маселелери талкууланган сессиянын жүрүшүндө Н.Малаев кызматташтыкты мындан ары туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн аны финансылык жактан колдоонун жаңы инструментинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Бул механизмди айыл чарба, транспорт, инновация, энергетика, логистикалык инфраструктураны түзүү сыяктуу экономикалык кызматташтыктын башка тармактарын колдоо үчүн ийгиликтүү колдонсо болот. Ошондой эле, диалогдун катышуучуларына жаңыдан түзүлүп жаткан «Кыргызиндустрия» ААКнын иши тууралуу маалымат берилди, анын максаты өнөр жай долбоорлоруна, логистикалык ифраструктурага жана реалдуу сектордун башка тармактарына инвестиция тартуу болуп саналат.

Товарлар, капитал, кызмат көрсөтүүлөр жана жумушчу күч сыяктуу 4 эркиндиктин кыймылына тоскоолдуксуз рынокту камсыз кылуу максатында ички рынокту өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маселелер талкууланган аянтчада министрдин орун басары Н.Малаев ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү зарыл болгон учурда иштеп жаткан механизмдерди өркүндөтүү жана жаңы механизмдерди иштеп чыгуу боюнча мындан аркы иштерге даяр экендигин билдирди.

Форумдун биринчи күнүнүн экинчи жарымында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын өттү. Форумдун модератору, Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин Президиумунун мүчөсү Александр Шохин болду. Бул жолугушууда катышуучулар эркин форматта интеграциялык бирикменин мындан аркы өнүгүүсү жана көйгөйлөрү боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Бул форумдун жаңычылдыгы катары Стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан демилгеленген “Жашыл Евразия” сынагын өткөрүүнү айтса болот, анда Кыргыз Республикасынын “Сейко” коомдук фонду “Айлана-чөйрөнү коргоо маданияты жана калктын климаттык күн тартибине катышуусу” номинациясында 2-орунду ээледи.

Эске салсак, Евразиялык экономикалык форум биринчи жолу 2022-жылы Бишкекте өткөн. Анда иш-чарага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 2500дөн ашык катышуучу келген

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу