Биргелешкен кыргыз-казак СЛК комплексин түзүү өз ара сооданы көбөйтүүнүн жаңы өсүү чекити катары каралууда

Новости
26-Май 2023-ж.
966

2023-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Назарбек Малаев менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция вице-премьер-министри Кайрат Торебаев жетектеген казак тараптын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы өз ара сооданын динамикалык өнүгүүсүн белгилешти.

Министрдин орун басары Н.Малаев белгилегендей, Казакстан Республикасы Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болуп саналат жана 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия менен Кытайдан кийинки үчүнчү орунда турат.

2018-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен соода жүгүртүүсү 36,1%га анын ичинде экспорт - 62,1%, импорт - 24,4% өстү. Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү эки өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунда өз ара сооданы жана эки тараптуу долбоорлорду көбөйтүүнүн жаңы өсүү чекити катары каралууда.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы  жакынкы арада кол коюу пландалып жаткан Тилек жана Карасу автожол аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап макулдашышты. 

Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуунун эсебинен жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу