Кыргызстан ТЭИ катышуучулары үчүн санариптик кызматтардын картасын түздү

Новости
24-Апрель 2023-ж.
1432

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасындагы сооданы жеңилдетүү боюнча кеңештин катчылыгында жыйын болуп, анда Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун колдоосу менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү агымынын жана тышкы экономикалык ишти жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын санариптик кызматтарын картага түшүрүү демилгеси көтөрүлгөндүгү айтылды.

Бул демилге жөнгө салуучу органдарга жана мамлекеттик органдарга кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн маалымат алмашуунун жолдорун аныктоого, мамлекеттик органдардын учурдагы маалыматтык системаларын жана МКТ платформаларын карап чыгууга, ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун агымын визуалдаштырууга, экспортерлор үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу боюнча мамлекеттик органдардын керектөөлөрүн аныктоого жана импорттоочулар, ведомстволор аралык маалымат алмашуу системаларындагы тоскоолдуктарды аныктоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча улуттук программаларды жаңылоо жана мамлекеттер аралык маалымат алмашууну өнүктүрүү багыттарын сунуштоого мүмкүндүк берет.

ЭСБнун эл аралык консультанты А.В. Бондаренконун айтуусу боюнча демилге соодагерлер үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдө олуттуу кадам жасоого, мамлекеттик органдардын ортосундагы санариптик ажырымдарды кыскартууга жана маалыматтарды электрондук түрдө бир жолку берүү принцибин ишке ашыруу максатында алардын маалыматтык тутумдарынын өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттин (СКУК) өкүлдөрү бул демилгени колдоп, аны ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул зор иштин жыйынтыктары жылдын экинчи жарымында СКУКтун кезектеги жыйынында чыгарылат.

Маалымат иретинде:

Ready4Trade Central Asia – бул ЭСБ (ITC) тарабынан Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташтыкта Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган 4 жылдык [2020-2023] долбоору.

Долбоор трансчек аралык жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу, жөнгө салуучу жана процедуралык тоскоолдуктарды жоюу, бизнестин соода формалдуулугун жана стандарттарын сактоо боюнча потенциалын күчөтүү аркылуу Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө, чек арадагы электрондук сооданы жакшыртууга багытталган.

Долбоордун биринчи компоненти – “Соодадагы тоскоолдуктарды жоюу” – БАда бизнести өнүктүрүүгө дем берүүгө, чакан жана орто бизнес үчүн аймактык сооданын наркын төмөндөтүүгө жана региондон Европа Биримдигине соода агымын көбөйтүүгө багытталган.

Бул контекстте ЭCБ аймактагы экспорттук/импорттук транзакцияларга таасир этүүчү негизги тоскоолдуктарга деталдуу талдоо жүргүздү жана соода мыйзамдары менен процедураларындагы боштуктарды же кайталоолорду жоюу аркылуу жөнөкөйлөштүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыкты. Борбордук Азиядагы эксперттер, мамлекеттик органдар, технологдор жана жеке сектордун өкүлдөрү менен бир катар улуттук жана аймактык консультациялардан кийин санариптештирүү аркылуу көмөктөшүү региондогу сооданы жеңилдетүү боюнча реформалардын негизги стратегиялык артыкчылыктарынын бири катары аныкталган.

ЭСБнын талдоосу көрсөткөндөй, чек арадагы соода операцияларын жөнгө салуучу мамлекеттик органдар автоматташтыруунун ар кандай деңгээлдерине ээ жана толук электрондук маалымат алмашууга өтүүгө даяр. Андыктан санариптештирүү боюнча натыйжалуу реформаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн бул бөлүмдөрдүн ар биринде санариптештирүүнүн абалына баа берүү жана түшүнүү зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу