Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы жөнүндө

Новости
20-Апрель 2023-ж.
2436

Бул Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууда 2021-жылдын 12-октябрындагы өлкө Президентинин Жарлыгы менен дүйнөдө жана Борбордук Азия чөлкөмүндө пайда болгон 5 жаңы кризистик кырдаалдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бизнес менен өз ара аракеттенүүсүнө багытталган.

Негизги түшүнүктөр:

Бизнести өнүктүрүү программасы – жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жеке сектордун чараларынын жана демилгелеринин жыйындысы.

Туруктуу бизнести өнүктүрүү – бул коомдун максаттуу керектөөлөрүн канааттандыруу, экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоо жөндөмдүүлүгүн чагылдырган бизнестеги өз ара көз каранды сандык жана сапаттык кайра түзүүлөрдүн татаал процесси.

Негизги шарттар:

- COVID-19 пандемиясынын кесепеттери жана геосаясий кризис бизнес жана инвестициялык чөйрөгө терс таасирин тийгизди.

- ДСУга мүчө дээрлик бардык өлкөлөр, ЕАЭБ көп тараптуу соода эрежелеринин принциптерин бузуу менен азык-түлүк жана дары-дармектерди экспорттоого чектөө чараларын киргизген. Бизнес жабыркады, тышкы соода 2020-жылдын июнь айында 21% га төмөндөдү. Дүйнөлүк жеткирүү чынжыр 2021-2022-жылдары үзгүлтүккө учурады. Бул окуя дүйнө жүзү боюнча баанын өсүшүнө жана ар кандай товарлардын тартыштыгына алып келди, ошондой эле дүйнөлүк керектөө структурасына да таасирин тийгизди.

- Дүйнөлүк каржы институттары 80 жылдан бери биринчи жолу болгон глобалдык терең рецессияны жарыялашты. Эл аралык сооданын кыйрашына, улуттук экономиканын бутундей тармактарынын токтоп калышына, калктын жыргалчылыгынын бир кыйла начарлашына алып келди.

- Өлкө Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген максаттарга, ошондой эле Президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү Улуттук стратегиясында белгиленген узак мөөнөттүү максаттарга жетүү үчүн терс өбөлгөлөр түзүлдү.

- Аймактык бүтүндүккө жана коопсуздукка коркунучтар да пайда болду (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусу). Жаратылыш капиталы аны активдүү эксплуатациялоодон улам азаюусу уланууда, ал эми мамлекеттик башкаруунун алсыздыгы күчөгөн.

- Дүйнөлүк деңгээлде климаттык тобокелдиктер туруктуу экономикалык өнүгүүгө коркунуч катары каралат. 2030-жылга чейин Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын кырк төрт пайызга (44%) кыскартуу милдетин койду. 2050-жылга карата Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишет.

- Фискалдык, транспорттук-логистикалык, тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча тапшырмалар коюлду.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынган, ал менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштырууга, негизсиз мамлекеттик абалды жоюуга, чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишине кийлигишүү, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүү багытталган.

- КР Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы “Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана имиджин жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынган, ал Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүүгө жана бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. 

Программа тууралуу кененирээк маалыматты Багыттар (Ишкердик) бөлүмүнөн тапса болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу