2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы Шинжаң өндүрүштүк-курулуш корпусунун товар жүгүртүүсү боюнча биринчи орунда турат жана 26 млрд юанды түзөт

Новости
19-Апрель 2023-ж.
1258

2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун (СӨКК) Башкы катчысынын орун басары Мурал Абылмайжин жетектеген делегациясы менен жолугушту.

Башкы катчынын орун басары М.Абылмайжин 2022-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасы СӨКК товардык жүгүртүүсүндө биринчи орунда турганын жана 26 млрд юанды түзөрүн билдирди. СӨКК делегациясынын Кыргыз Республикасына иш сапарынын максаты кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана келечектүү долбоорлорду издөө болуп саналат.

Министрдин орун басары К.Абдрахманов энергетика, фармацевтика, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары прогрессивдүү жана жемиштүү өнүктүрүү максатында тыгыз кызматташууну бекемдөөгө макулдашышты.

Маалымат иретинде:

СӨКК мамлекеттик башкаруусу бар уникалдуу корпорация болуп саналат жана өзүнө 370 ишкананы, 14 шаарды, 179 фермердик чарбаны, 3,6 миллион калкты камтыйт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу