Бишкекте Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки бизнести өнүктүрүү программасын талкуулашты

Новости
17-Апрель 2023-ж.
1304

2023-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүштү .

Иш-чараны ачып жатып министрдин орун басары Айнура Усенбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы, бул бизнес үчүн - бизнес күн тартиби, анда өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана милдеттери камтылган, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты өнүктүрүү саясатын караштырат жана эки багытта моделдештирилген:

- Экономикага таасир этүүчү тышкы факторлорго жооп берүүгө багытталган кризиске каршы чаралар;

- Системалык чаралар – өлкөнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасынын артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:

- фискалдык преференцияларды берүү;

- административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү;

- айрым тармактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Программанын уникалдуулугу анын толугу менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккандыгында жана ар бир чара бизнес үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Ошондой эле, презентациянын жүрүшүндө, министрдин орун басары маалымдагандай, Программа төмөнкү принциптерге негизделген:

- Мамлекеттин жөнгө салуу функцияларын кыскартуу, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, тейлөөнүн сервистик моделине өтүү боюнча бир катар чараларды камтыган өз ара жоопкерчилик принциби ж.б.

- Дүйнөлүк рынокто Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатууну, инфраструктуралык шарттарды жакшыртууну, эл аралык стандарттарды таанууну жана колдонууну караган соода-өндүрүштүк мамилелерди байланыштыруу принциби.

- Өсүштүн таяныч пункттарын эске алуу менен чыгармачыл кластерлерди өнүктүрүүнү, МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну жана башкаларды караган инновация принциби.

- Курулуш, транспорт, энергетика жана финансы секторлорунда ESG стандарттарына ылайык долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу боюнча бир катар иш-чараларды камтыган экологиялык тазалык принциби.

- Социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган теңдик принциби.

- Өнөр жай ишканаларын ишке киргизүүнү, дары-дармектерди автоматтык түрдө аккредитациялоо системасын киргизүүнү, чек ара соода борборлорун түзүүнү караган өнүгүү коопсуздугунун принциби.

Белгилей кетсек, бул тегерек стол Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын колдоосу менен «Диалог аркылуу бизнести өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер активдүү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу