Корея тарап Кыргыз Республикасын KOICA долбоорлору жана демилгелери аркылуу өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү долбоорлору аркылуу колдойт

Новости
12-Апрель 2023-ж.
1174

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен KOICA аркылуу ӨРЖ долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана алдыга жылдыруу боюнча журналисттерден турган делегациянын жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушууда министрдин орун басары дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жыл аралыгында биргелешкен күч-аракет менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чыңдоого салым кошкон кызматташууну жолго коюуга жана конкреттүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга мүмкүн болгонун белгиледи. 

Көп жылдык кызматташуунун жүрүшүндө корей тарап KOICA долбоорлору жана демилгелери аркылуу Өнүктүрүүнүн расмий долбоорлору аркылуу Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келет. 2022-жылдан тартып Корея Өкмөтү Кыргыз Республикасын кийинки беш жылдык мөөнөткө Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан артыкчылыктуу ӨРЖ өлкөлөрүнүн тизмесине киргизген.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып министрдин орун басары 1991-жылдан бери KOICA тарабынан айыл чарба, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу тармактарга 130 миллион доллар өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, KOICA өлкөдөгү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жана шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүгө жардам берет.

Ошентип, KOICA Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Корея Республикасы менен дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө ийгиликтүү салым кошууда, - деп баса белгиледи К.Абдрахманов.

Министрдин орун басары ошондой эле министрлик тарабынан республикада гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча жалпы координация иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен KOICA контр-өнөктөш болуп саналат жана министрлик ар дайым агенттиктин долбоорлоруна жана иш-чараларына керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр.

Ошентип, министрлик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен KOICA ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жалпы координациялоону, ошондой эле долбоордук өтүнмөлөрдү чогултууну жана алардын улуттук өнүктүрүү стратегияларына шайкештигин кароону ишке ашырат.

Кыргыз Республикасында электрондук өкмөт системасынын санариптик архитектурасын өнүктүрүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптик коомду калыптандыруу боюнча этаптуу жана системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Корея тарап Борбордук Азиядагы эң мыкты тажрыйба болуп саналган жана Кыргызстанда демократияны чыңдоого өбөлгө түзгөн кореялык технологияларды колдонуу менен ачык-айкын шайлоо өткөрүү системасын түзүүгө колдоо, техникалык жардам көрсөтүүдө.

KOICAнын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга жана өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы өзгөчө мааниге ээ.

Корея Республикасы Кыргызстанда позитивдүү репутацияга ээ жана жашыл өнүгүүгө жана инновацияга, ошондой эле сапаттуу билимге басым жасаган туруктуу экономика менен байланышкандыгын белгилеп кетүү кубанычтуу.

Жыйынтыгында К.Абдрахманов министрлик иштеп жаткан долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышына үмүттөнөөрүн жана МКТ, муниципалдык кызматкерлер, санариптик трансформациянын бардык багыттары боюнча Корея Республикасынын мыкты тажрыйбасын колдонууга жардам бере турган стипендиялык программалар, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, санариптештирүү, кадрдык потенциалды жогорулатуу, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. 

Мындан тышкары, өлкөнүн жашыл экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда, албетте, акыркы жылдары биз бул күн тартибинде корей тарап менен кызматташууну арттырып келе жатабыз. Ошондуктан экология жана айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстары, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлордун ӨРЖ көлөмүнүн көбөйүшүн күтөбүз,- деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Маалымат иретинде: 

Журналисттер делегациясы 2023-жылдын 9-апрелинен 15-апрелине чейин катышуучулар жана бенефициарлар менен интервью алуу жана долбоордун ишке ашырылуучу жерине баруу жолу менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүүгө Расмий Жардамы (ӨРЖ) долбооруна мониторинг жүргүзүү жана алдыга жылдыруу үчүн биздин өлкөдө жүрүшөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу