«Бимар» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарын бузууну токтотуу жөнүндө жазма буйрук чыгарылды

Новости
04-Апрель 2023-ж.
1302

Facebook.com социалдык тармагында Bimar супермаркеттер тармагындагы товарлар улуттук валютада эмес, рубль менен сатылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

Жогорудагы маалыматтарды тастыктоо жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 3-апрелинде “Бимар” супермаркетинин соода түйүндөрүндө болгон.

Көчмө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ш.Токтогул, 116. көчөсүндө жайгашкан (“Бимар” ЖЧКсы гипермаркети) соода түйүнүндө тартип бузуулар аныкталды.

 «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 390-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык керектөөчүлөр үчүн товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумуштардын) баалары (тарифтери) жөнүндө улуттук валютада маалыматтын жоктугу юридикалык жактарга - 50 өлчөмүндө эсеп көрсөткүч айып салууга алып келет.

Буга байланыштуу Кызматтын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, жаза колдонуу жөнүндө токтом чыгарылган.

Ошондой эле, Кызмат тарабынан «Бимар» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзам бузууларды токтотуу боюнча жазма буйрук чыгарылган.

Мындай керектөөчүлөрдүн укугун бузууларга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мындан ары да катуу бөгөт коюлат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу