Кыргыз-армян мамилелерин мындан ары жемиштүү өнүктүрүү жөнүндө

Новости
27-Март 2023-ж.
1083

2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Армения Республикасынын Казакстан Республикасындагы жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Армен Гевондян мырза менен жолугушту.

Бул жолугушууда министр Данияр Амангелдиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-армян өнөктөштүгүнүн ар тараптуу мүнөзүн жогору баалайт жана Армения Республикасы менен байланыштарды мындан ары да чыңдоого багытталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейиши эки өлкөнүн өнөктөштүгүн прогрессивдүү өнүктүрүүгө, аймактык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу таасирин тийгизет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Элчиге инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле чет өлкөлүк инвестициялар үчүн салыктык преференциялар жана кепилдиктер жөнүндө маалымат берди.

Ошону менен бирге, тараптар бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты: соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргыз Республикасында интенсивдүү багбанчылыкты киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу, Кыргызстандын адистерин Армения Республикасына өнүктүрүүнүн алдыңкы тажрыйбасын изилдөө үчүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо. креативдүү технологиялар боюнча Tumo борбору, ж.б.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар кыргыз-армян мамилелери Кыргызстан менен Армениянын элдеринин кызыкчылыктарынын жана гүлдөп-өнүгүшүнүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары да жемиштүү өнүгөт деген ишенимин билдиришти.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу