Кытайлык «СНМС» компаниясы менен «Чакан ГЭС» ААК ортосунда контрактка кол коюу жөнүндө

Новости
24-Март 2023-ж.
1327



Кыргыз Республикасында кытайлык China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен биргеликте Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭС куруу долбоору башталды.

Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги, Финансы-кредиттик фонд жана Кытайдын Улуттук оор машина куруу корпорациясынын ортосунда мурда кол коюлган кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында 2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Контрактка кол коюлду. Кыргыз Республикасы кытайлык «СНМС» компаниясы менен «Чакан ГЭС» ААК ортосунда, ага ылайык, жакынкы арада Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт. болгон чакан ГЭСти куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу башталат. 

Министрлик электр энергиясын керектөөнүн жана жаңы абоненттердин санынын өсүшүнүн шартында өлкөнүн энергетикалык потенциалын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, максималдуу аракеттер көрүлөөрүн белгилейт. 

Белгилүү болгондой, электр энергиясыз экономиканын бир дагы тармагы өнүкпөйт. Ошондуктан өлкө жетекчилиги электр энергиясынын кубаттуулугун жогорулатууга, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатат.

Ошентип, Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча келишимге «Чакан ГЭС» ААКдан - башкы директор Садыков Нурлан жана «China National Heavy» Machinterry Corporaion" компаниясынан - Вице-президент Чжэн Хансонг кол коюшту.

Келишимге кол коюуга Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана  Энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу