Кыргыз-түрк экономикалык кызматташтыгын активдештирүү жөнүндө

Новости
15-Март 2023-ж.
1450

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө, жалпысынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети инвестициялык климатты, жеке секторду жакшыртууга, административдик чектөөлөрдү жоюуга, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды кыскартууга жана ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө чоң көңүл буруп жаткандыгы айтылды.

Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болгондугуна жана алыскы чет мамлекеттер менен тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлегендигине байланыштуу колдо болгон потенциалды эсепке алуу менен жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу мамилелерди жогорулатуу боюнча чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүүчү Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошону менен бирге эки тарапты тең кызыктырган кызматташтыктын башка тармактарына тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары кыргыз-түрк мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишеним артышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу