Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктары күнү менен куттуктайбыз

Новости
15-Март 2023-ж.
1681

Жыл сайын 15-мартта Эл аралык коомчулук бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктары күнүн белгилейт.

1983-жылдын 15-мартында бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктары күнү катары эл аралык майрам календарына киргизилген жана андан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. 

Кыргыз Республикасында керектөөчүлөрдүн укуктары күнү 1997-жылдын 10-декабрында "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандан кийин таанылган.

Ушул Мыйзам товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилейт, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктайт.

Эсиңизде болсун: ченегенде, салмагын тартканда, эсептен алдаганда, товардын сапаты боюнча адаштырууда, сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузганда сатуучуга же өндүрүүчүгө жазуу жүзүндө доомат коюу керек. 

Эгерде сапаты жакшы эмес товар сатып алса, керектөөчү өз каалоосу боюнча:

-товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү;

-сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну;

-ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну;

-сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну;

-соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат.

Маанилүү: ар дайым товар/кассалык чекти же сатып алуу фактысын тастыктаган башка документти талап кылыңыз.

Кайда даттануу керек: товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүнүн укугу бузулган учурда даттануу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, укук коргоо органдарына, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сотко чейинки коргоону жүзөгө ашырган керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерине кайрылууга болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу