Мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча чаралар жөнүндө

Новости
06-Март 2023-ж.
1490

2023-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомун кабыл алды.

Бул токтом менен мамлекеттик ишканаларды 2022-2025-жылдар аралыгындагы бардык таза кирешесин материалдык-техникалык базаны жаңылоого багыттоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2022-жылды 33 мамлекеттик ишкана киреше менен, 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган. Оперативдүү маалыматтар боюнча мамлекеттик ишканалардын жалпы таза кирешеси 2 343,4 миллион сомду түздү.

Кабыл алынган токтом мамлекеттик ишканаларга өнүгүү пландарын ишке ашыруу учун зарыл болгон жабдууларды жана машиналарды сатып алууга мүмкүндүк берет.

Мында тармактык мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери мамлекеттик ишканалардын таза пайданы пайдалануусу жөнүндө отчеттуулуктун толуктугу, өз убагында жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу