«Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө

Новости
03-Март 2023-ж.
2390

2023-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул Жарлык жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүү, өндүрүшчүлөрдүн бизнести башкаруу, маркетинг жана сатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүү, жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо продукцияны жылдыруу, жергиликтүү бренддерди түзүү жана продукциянын наркын жогорулатууга багытталган.

Кыргыз Республикасында БАБП долбоору Ысык-Көл облусунда бир нече жылдан бери ишке ашырылып келе жатат жана иш орундарын түзүү жана өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодон түшкөн пайда түрүндө оң натыйжаларды көрсөтүүдө.

Долбоордун негизги иш-аракети жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен, БАБП ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтууга, рентабелдүү БАБП продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, алардын сапатын жогорулатууга жана туруктуу бизнести түзүүгө багытталган өзүн-өзү камсыз кылуу системасы.

Долбоор ата мекендик ишкерлерге жалаң жергиликтүү ресурстардын эсебинен сапаттуу сертификацияланган продукцияны өндүрүүгө жардам берет. Акыркы 6 жылдын ичинде эле долбоордун аркасында жергиликтүү өндүрүшчүлөр тарабынан жалпы суммасы 238 миллион сомго жакын 167 экспорттук келишим түзүлгөн.

Долбоорлордун алкагында 2017-жылдан 2022-жылга чейин бал, табигый ширелер жана кыямдар, кийизден жасалган буюмдар жана башкалар өндүрүлүп сатылууда. Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка Европа өлкөлөрү сыяктуу ички жана тышкы рыноктордо ийгиликтүү сатылып жаткан 280 продукция иштелип чыккан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу