Кыргызстан ДСУнун аянтында Япониянын соода саясатына сереп салууга катышты

Новости
03-Март 2023-ж.
1087

2022-жылдын 1-3-мартында ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Япониянын соода саясатынын он бешинчи серепинин жыйынына катышты.

Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов билдирди.

Куттуктоо сөзүндө Н.Максүтов Тышкы иштер министринин орун басары, Экономикалык дипломатиянын элчиси Акихиро Окочи башында турган Япония делегациясына салам айтып, ДСУнун Катчылыгына, ошондой эле Япония Өкмөтүнө деталдуу баяндамалар даярдагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Япония ДСУга киргенден бери көп тараптуу соода системасынын алкагында сооданы либералдаштыруу боюнча милдеттенмесин белгилеп, ДСУнун эрежелерине эң жогорку берилгендигин көрсөткөнү белгиленди.

Япония ДСУнун алкагындагы бардык демилгелердин активдүү катышуучусу, анын ичинде электрондук коммерция, өнүктүрүү үчүн инвестицияларды илгерилетүү, чакан жана орто бизнес боюнча жумушчу топ жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салат. Япония ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар, сооданы жеңилдетүү алкагында ДСУнун көп тараптуу келишимдеринин катышуучусу болуп саналат.

Эки тараптуу мамилелерге токтолуп, ДСУнун өкүлү өткөн жылы Кыргызстан менен Япония дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп, бул аралыкта өлкөлөр саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда достук мамиле түзүүгө жетишкенин белгиледи.

Н.Максүтов Япониянын Кыргыз Республикасына жана жалпысынан Борбордук Азия өлкөлөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун мисалы катары “Бир айыл – бир продукт”, JICA алкагында мамлекеттик кызматкерлерди окутуу сыяктуу долбоорлор келтирилди.

2022-жылдын январь-ноябрь айларындагы эки тараптуу сооданын учурдагы деңгээли болгон потенциалга дал келбейт жана өкмөттөр бул багытта ишти күчөтүшү керек. Кыргыз Республикасы алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар. Японияга айыл чарба продукциясын экспорттоо жана туристтик кызмат көрсөтүү үчүн чоң потенциал бар, - деп баса белгиледи Н.Максүтов.

Ошондой эле B2B жана B2G деңгээлинде бир катар иш-чараларды баштоо жана потенциалдуу соода өнөктөштөрүн тааныштыруу үчүн атайын соода миссияларын жөнөтүү сунушталды. Мисал катары өткөн жылдын декабрь айында Токиодо Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Япония өкмөтү менен биргеликте уюштурган ийгиликтүү Борбордук Азия инвестициялык форуму келтирилген. Кыргыз Республикасы Осака шаарында (Жапония) өтүүчү ЭКСПО-2025ке катышууну пландаштырууда.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Н.Максүтов Кыргыз Республикасынын атынан жапон делегациясына Соода саясатын ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Эскертүү: Соода саясатын карап чыгуу механизми бул ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатына жана алардын ДСУнун эрежелерине, нормаларына жана милдеттенмелерине ылайык келишине жамааттык мониторинг жүргүзүү системасы болуп саналат.

ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатын үзгүлтүксүз карап чыгуунун максаты ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатынын ачыктыгын жогорулатуу аркылуу көп тараптуу соода системасынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

ДСУнун бардык мүчөлөрү соода саясатын карап чыгуу процессинен өтүшөт. Дүйнөдөгү эң чоң үлүшү бар төрт мамлекет эки жылда бир, кийинки 16 мамлекет төрт жылда бир, калгандары алты жылда бир процедурадан өтүшөт. Азыраак өнүккөн өлкөлөр үчүн узак мөөнөт аныкталышы мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу