Министрдин орун басары К.Абдрахманов түз эфирде ЭКМ ишмердүүлүгү боюнча суроолорго жооп берди

Новости
03-Март 2023-ж.
1224

2023-жылдын 3-мартында саат 15:00 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов ЭКМдин Facebook баракчасында жазылуучулар менен түз эфирде министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча 10дон ашык актуалдуу суроолорго жооп берди.

Министрдин орун басары К.Абдрахманов тышкы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары, эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтты. Бул институт республиканын тышкы экономикалык саясатында кандай роль ойнойт. Мындай Өкмөттөр аралык комиссиялар кайсы мамлекеттер менен түзүлгөн жана бул өлкөлөр тышкы экономикалык саясатта артыкчылыктуу өлкөлөр катары каралып жатабы? Өкмөттөр аралык комиссиялардын алкагында кандай маселелер каралат жана башка кайсы мамлекеттер менен ЭКМ иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу министрдин орун басары берилген суроолорго жооп кайтарды.

Ошондой эле абоненттердин суроолоруна жооп берип жатып, эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында төмөнкү суроолорго жооп берди:

- Мамлекеттик органдарда гранттык долбоорлор көп ишке ашат, алар кандай көзөмөлдөнөт?

- Эл аралык уюмдар бизнести өнүктүрүүгө кандай жардам берет?

- Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн контекстинде жаштардын ишкердиги жана жалпы эле жаштардын демилгелери маселеси: кандай долбоорлоруңуз бар, азыр эмне менен алектенип жатасыз, кандай пландарыңыз бар?

- Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсесин ачуу пландалып жатабы. Уюм деген эмне жана ал эмне кылат? Кеңсенин ачылышы Кыргызстанга эмне берет?

-Учурда канча мамлекеттик инвестициялык долбоорлор (кредиттер) ишке ашырылып жатат?

- Мамлекеттик органдарда гранттык долбоорлор көп ишке ашат, алар кандай көзөмөлдөнөт?

- Учурда канча мамлекеттик инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат?

- Эл аралык уюмдар бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга кандай жардам беришет?

- Бизнес-планымды ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген каржылоону кайдан алсам болот?

- Араб холдинги качан ишин баштайт?

Соңунда министрдин орун басары К.Абдрахманов мындан ары да министрликтин жеке сектордогу жүргүзүлүп жаткан иштери, эл аралык институттардын өз ара аракети, мыйзамдык чөйрө жана башка актуалдуу маселелер боюнча коомчулукка жана жарандарга онлайн режиминде такай маалымат берип турууга даярбыз деп белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу