2023-жыл Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында “Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес” темасына арналган

Новости
22-Февраль 2023-ж.
1681

2023-жыл Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында “Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес” темасына арналган. Үстүбүздөгү жылда Биримдик өлкөлөрү бул ураандын астында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо биргелешип иш алып барышат.


Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, соодагерлердин мыйзамсыз иштери, алдамчылык схемалары жана керектөөчүлөрдү алдоо керектөөчүлөрдүн суроо-талабына терс таасирин тийгизген жана экономикалык өнүгүүнү начарлаткан негизги көйгөй бойдон калууда.


Үстүбүстөгү жылы Бирликте приоритеттүү болуп калган тема керектөөчүлөр менен бизнестин ортосунда өз ара урматтоо жана ишеним мейкиндигин түзүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырат. Мындай иштердин негизин мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасында камтылган.


Коюлган максатка жетүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү калкка жана бизнеске керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын пландаштырышкан. Бул Бирликтин керектөө рыногунун катышуучуларынын ортосундагы ак ниеттүү өз ара мамилелерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн колдонуудагы механизмдерин кеңейтүүгө жана жаңы механизмдерин киргизүүгө мүмкүндүк берет.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу