Кыргызстандын делегациясы Борбордук Азиядагы чек ара соодасын жакшыртуу үчүн товарлардын келип чыгышы боюнча электрондук сертификаттарды алмашууда аймактык кеңешмеге катышты

Новости
20-Февраль 2023-ж.
1149

Ушул жылдын 15-16-февралында Эл аралык Соода Борбору (ЭCБ) менен өнөктөштүктө ЕБ тарабынан каржыланган Ready4Trade долбоорунун алкагында Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Азербайжандын делегацияларынын катышуусунда товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды электрондук алмашуу боюнча аймактык иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын ЭКМ алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын,  Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү кирди.

Иш-чаранын катышуучулары ICC Эл аралык аккредитация чынжырчасы аркылуу келип чыгыш сертификатын (СО) эл аралык аккредитациясын алуу боюнча иштөөгө жана эки тараптуу жана аймактык деңгээлде санариптик сертификаттарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттарды электрондук алмашуу мүмкүнчүлүгү өтүнмөлөрдү кабыл алуу, кайра иштетүү, чыгаруу жана товардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттарды кабыл алуу процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн күтүлүүдө; бизнестин чек ара формалдуулугун сактоо жана экспорт процедурасын аяктоо үчүн талап кылынган убакытты кыскартуу; ошондой эле коопсуздуктун децгээлин жогорулатуу керек. Ошондой эле товардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды берүүчү органдар менен аймактык бажы башкармалыктарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө болот.

Маалымат иретинде:

Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан жыл сайын 200 000ден ашык товардын келип чыгышы тууралуу сертификаттар берилет, бирок алардын көбү кагаз түрүндө болот. Товардын келип чыгышы тууралуу электрондук сертификаттарды берүү үчүн IT платформалары иштелип чыккандыгына карабастан, кээ бир БА өлкөлөрүндө сертификат берүүчү агенттиктер, бажы органдары жана импорттоочу өлкөнүн контрагенттери ортосунда автоматташтырылган электрондук алмашуу чектелген.

Бул процессти толук автоматташтыруунун бардык этаптарында санариптик камсыздоо чынжыры зарыл: суроо-талап, текшерүү, чыгаруу, өткөрүп берүү жана текшерүүнү кошкондо.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу