“Достук-Дустлик” чек ара өткөрүү пунктундагы кезекти башкаруунун электрондук системасын пилоттук режимге киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө

Новости
20-Февраль 2023-ж.
1337

2023-жылдын 17-18-февраль күндөрү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” – “Дустлик”көзөмөл өткөрүү пунктунда КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн,  Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) командасы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү «Достук» жана «Дустлик» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ортосундагы автотранспорттордун кыймылын оптималдаштыруу максатында чек арадагы кезекти башкаруунун электрондук системасын пилоттук түрдө киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Өзбекстан Республикасында киргизилген «Электрондук кезек» системасынын иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул демилге чек арадагы электрондук кезекти башкаруу системасынын пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашса, Борбор Азияда биринчи жолу болуп калат.

Маалымат иретинде:

Акыркы үч жылдын ичинде ЭCБ региондогу бизнеске таасирин тийгизген чек ара соодасындагы негизги тоскоолдуктарды аныктоо жана аларды чечүү үчүн ылайыкташтырылган реформаларды ишке ашырууну иштеп чыгуу жана колдоо үчүн улуттук өнөктөштөр жана тиешелүү кызыкдар тараптар менен тыгыз иштешти. Мындай реформалардын бири региондогу сооданын үзгүлтүксүз жүрүшүнө тоскоол болгон узун кезектерди жана кечиктирүүлөрдү чечүү үчүн тандалган чек ара бекеттеринде жүк ташуу үчүн электрондук кезекти башкаруу системасын (e-СМС) киргизүүгө тиешелүү.

Эстонияга жана Францияга ЭСБ тарабынан уюштурулган аймактык таанышуу сапарынан жана ЭКМ жана КР МБК өкүлдөрү менен бир катар онлайн жолугушуулардан кийин ЭСБ долбоору Достук/Дустлик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктундагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы электрондук е-СМС пилоттук киргизүүнү колдоого макул болду. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу