Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин алдындагы Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы Алматы-Бишкек экономикалык коридору боюнча чакан комитеттин 7-жыйыны өттү

Новости
17-Февраль 2023-ж.
1293

2023-жылдын 17-февралында Бишкекте Кыргыз-Казак Өкмөттөр аралык кеңешинин алдындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЭК) боюнча чакан комитеттин 7-жыйыны өттү.

Борбордук жана Батыш Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Башкы директору Евгения Жукова Регионалдык кызматташтык жана АӨБ операцияларын координациялоо директору Лязиза Сабырова айым, ABЭК тобунун лидери Кристиан Росбах мырза, АӨБнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу миссиясынын директору Канокпан Лао-Арая айымдын катышуусундагы бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жана Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министринин орун басары Абзал Абдикаримов тең төрагалык кылууда.

Жолугушууга ошондой эле эки өлкөнүн негизги мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.

Жолугушуунун максаты - кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жана бирдиктүү атаандаштыкка жөндөмдүү аймакты түзүү үчүн Алматы-Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Отурумда ABЭК чакан комитетинин 6-жыйынынын протоколунун аткарылышынын абалы каралды, тармактык жумушчу топтордун отурумдарынын протоколдорунун негизинде АБЕКтин учурдагы долбоорлору жана демилгелери каралды жана эки тараптын биргелешкен аракеттери макулдашылды.

Жолугушууда Алматы-Бишкек Экономикалык коридорунун алкагында транспорт инфраструктурасы, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор каралып талкууланды.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан төмөнкү долбоорлор сунушталды:

- Алматы менен Бишкектин ортосунда электроавтобустарды колдонгон автобус кызматы;

- АБЭК чек ара кызматтарын аймактык жакшыртуу;

- Алматы-Ысык-Көл альтернативалык жолу.

Ошондой эле, Бишкек жана Алматы шаарларындагы абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, табигый кырсыктардын тобокелин башкаруу, саламаттыкты сактоо, атап айтканда, аймактык маалымдама борборун түзүү боюнча докладдар угулду.

Өз баяндамасында К.Росбах мырза ABЭК демилгесинин 1-фазасын каржылоонун көлөмү 3,225 млн долларды түзөөрүн жана АӨБ ABЭК демилгесинин 2-фазасын 1,9 млн доллар өлчөмүндө каржылоону жактырганын белгиледи.

Ошондой эле, АӨБ эки өлкөнү ABЭК алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аймактык фонд түзүү мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип баалоого чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар АБЭКтин 7-жыйынынын протоколуна кол коюшат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу