Кризиске каршы иш-чаралардын планына 51 иш-чара камтылып, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 миллиард сом каралган

Новости
16-Февраль 2023-ж.
1201

Бул тууралуу 2023-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары тууралуу Коллегиянын жыйынынын жүрүшүндө министр Данияр Амангелдиев билдирди. Коллегиянын жыйынына КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президентинин саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов катышты. Министр белгилегендей, акыркы дүйнөлүк окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук Министрлер Кабинетин тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү үчүн антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылды. 

Кризиске каршы иш-чараларга 51 иш-чара камтылып, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 миллиард сом каралган.

Иш жүзүндө калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 миллиард сом бөлүндү, анын ичинде:

азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба муктаждыктарына, ирригацияга жана эң керектүү товарларга бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларга 8,5 миллиард сом бөлүндү;

социалдык тармакка 35,8 млрд сом сарпталды;

финансылык туруктуулукка 36,0 млрд сом бөлүндү;

ишкерлерди колдоого 37,5 млрд сом бөлүндү;

энергетикалык коопсуздукка 15,3 млрд сарпталды.

Белгилеп кетсек, антикризистик план ички ресурстардын негизинде иштелип чыккан жана сырткы донордук жардамга көз карандысыз болгон.

Албетте, 2022-жыл ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу артыкчылыктуу багыт болду. Бул үчүн квоталарды бекитүү, нөлдүк ставкада маанилүү товарларды алуу иш чаралары кабыл алынды.

Ошондой эле азык-түлүк товарларына рыноктук бааны кармап туруу жана турукташтыруу максатында, социалдык маанилүү товарлар үчүн КНСтин нөлдүк ставкалары белгиленди. 

Натыйжада жыл аягына чейин жеңилдик 950 миллион сомдун тегерегинде болду.

Мындан тышкары, биринчи жолу кумшекер жана ун рыногунда бааларды кармап туруу үчүн рыноктун операторлору (өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, соода объектилери) менен келишимдерди түзүү үчүн инструменттер колдонулду.

Калкка күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү жана аларга болгон бааны кармоо максатында бюджеттик колдоо көрсөтүлүп, дээрлик        3 млрд сом кредит берилди.

Көмүрдүн баасы 8-10 миңге чыгып кеткенин эске алуу менен ыкчамдуу түрдө бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. 

Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында:

ундун баасы 45 сомдон 42 сомго арзандады;

өсүмдүк майынын баасы 180 сомдон 145 сомго чейин төмөндөдү;

кум шекерге болгон баа 100 сомдон 85 сомго чейин төмөндөтүлдү.  

Белгилеп кетсек, ЕАЭБдин мейкиндигинде, социалдык маанидеги товарларга эң төмөнкү баалар Кыргыз Республикасында аныкталды.

Биздин экономикалык өнүгүшүбүздүн негизи — калктын кирешелеринин кыйшаюусуз өсүшү болуп саналат. Бул үчүн реалдуу кирешелер өсүш керек жана ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5 пайыздык деңгээлде камсыз кылуу зарыл.

Бул багытта, Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык мамлекеттин карамагындагы жерлерди мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик компанияларга өткөрүп берүү жеңилдетилди. Ошону менен бирге бардык категориядагы жерлерди коммерциялык багытта инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында жерди өткөрүп берүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкты жана макулдашуу процессинде турат.  

Ошондой эле өнөр жай жана өнөр жай өндүрүш зоналарын түзүү боюнча экс-аймактык салыктык режим Салык Кодексине сунушталды.

Экономикага капитал киргизүү жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек,-деп белгиледи министр өз баяндамасында. 

Албетте фискалдык саясат экономикалык өсүштү стимулдаштырууда жана жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Ал үчүн, Салык кодексинин жаңы редакциясы ишке кирди, ага ылайык жалпы салык режими жана жөнөкөйлөштүрүлгөн салык тутуму киргизилди.

Жалпысынан Салык саясатынын алкагында 40 ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү колдоого жана коргоого багытталды.

Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн эң маанилүү шарты административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат, бул багытта төмөнкү чаралар көрүлдү.

Ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыгы менен ишкердикти текшерүүгө 2023-жылдын 1-январынан тартып мораторий жарыяланды. 

Электрондук лицензия жана уруксааттама берүү платформасы пилоттук түрдө ишке киргизилди.

Акыркы он жылда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүктүн тездеши байкалууда.

Ошого байланыштуу электрондук соода чөйрөсүндө соода инфратүзүмүн жана почта операцияларын өнүктүрүү максатында өлкөнүн ири транспорттук түйүндөрүнө жакын жайгашкан Электрондук коммерция паркын куруу боюнча долбоор ишке ашырылып баштады. 

Учурда Кыргыз Почтасы менен биргеликте Россия Федерациясынын «Озон» ири компаниясынын товарларды электрондук түрдө сатуу платформасы жана сорттоочу борбору ишке киргизилди. 

Өткөрүү жайларынан өтүү ылдамдыгын жогорулатуу максатында чек араны тездетилген жана эффективдүү көзөмөлдөөнү ишке ашыруу үчүн өткөрүү пункттарын техникалык модернизациялоону караган «Электрондук өткөрүү пункту» инновациялык долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди.

Бул долбоорду ишке ашыруу менен унаалардын кыймылынын көлөмү суткасына 672ден 2000 унаага чейин өстү.

Транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү кеңейтүүнүн алкагында альтернативдик маршруттар иштелип чыгарылды жана жакынкы арада активдүү сүйлөшүүлөр фазасына өттүк. Атап кетсек, Өзбекстан- Түркменстан-Россия маршруту боюнча жолугушуулар болуп, активдүү иш алып баруу жыйынтыгына келдик.

Экономиканын өнүгүүсүнө негизги тоскоолдук жараткан электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында да бир топ иш аракеттер жасалды, анда Камбарата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун өз күчүбүз менен ишке ашыруу башталды, Киров суу сактагычында Бала-Саруу чакан ГЭСинин курулушунун башталышын камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө. 

Ошондой эле Орто -Токой суу сактагычында кичи электр станциянын курулушу башталууда.

Ал эми экономиканы финансылык каражаттар менен камсыз кылуунун алкагында эң маанилүү болуп, Өкмөттүн тапшырмасы менен кепилдик механизми ишке киргизилди. 

Аталган механизмдин алкагында чарбалык субъекттерине гарантияларды берүү тартиби бекитилди. Бул механизм Финансылык-кредиттик фонд аркылуу Министрлер Кабинетинин атынан өлкөнүн улуттук экономикасы үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон долбоорлор боюнча гарант катары чыгууга мүмкүндүк берилди.

Бүгүнкү күндө бул механизм аркылуу дээрлик 190 млн АКШ долларлык инвестициялык долбоорлорго кепилдик алынды.

Атап кетсек:

– « Текстиль Транс ЖЧК » 50 млн АКШ долларына кредит;

– «Шумкар» Трансулуттук корпорациясы» 5,5 млн долларга кредит;

- «Чакан ГЭС» Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт кичи ГЭСтин курулушу, долбоордун баасы 35,9 млн АКШ доллары;

– «Нарын өндүрүш ишканасы», Куланак ГЭСинин курулушу 98 млн. АКШ доллары.

Ошону менен бирге өзгөчө белгилеп кетсем, инвестициялык долбоорлорду даярдоону жана илгерилетүүнү камсыз кылуу, максатында “Долбоорлорду даярдоо” институту түзүлүп, приоритеттүү инвестициялык долбоорлорду даярдоого киришти.

Ал эми жергиликтүү ишкерлерге өнүктүрүү фонддорунан акча каражаттарын алууга көмөк көрсөтүүнүн алкагында Министрлик тарабынан 20дан ашык бизнес долбоордун шаблондору иштелип чыгарылды. 

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 100гө жеткиргени турабыз, - деп баса белгиледи министр Д.Амангелдиев.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу