2022-жылы өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту сактоо, өнүктүрүү жана жигердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча маалымат

Новости
16-Февраль 2023-ж.
1203

Бул тууралуу коллегиянын жүрүшүндө министрликтин ишинин 2022-жылдагы жыйынтыктары жана 2023-жылга карата пландары тууралуу министр Данияр Амангелдиев баяндама жасады. Министрликтин коллегиясынын жыйынына КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президентинин саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов катышты.

Ал белгилегендей, өткөн жылы өлкөнүн экономикасы туруктуулугун көрсөттү деп так айта алабыз жана глобалдык чакырыктарга туруктуу экени далилденди.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмалары боюнча жарандарды жана бизнести колдоого багытталган ыкчам чаралардын таасиринин негизинде туруктуулукту камсыз кыла алдык. 

Жалпы кирешелердин азайган шартында бюджеттин чыгашалары азайбай, тескерисинче көбөйтүлүп, калктын аярлуу категорияларынын социалдык жөлөкпулдарын жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүү менен натыйжада, калктын реалдуу акчалай кирешелеринин жалпы өсүшүнө жана экономикалык активдүүлүктү камсыз кылууга жетиштик. 

Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, бирдиктүү макулдашылган саясаттын алкагында социалдык жана экономикалык туруктуулукту сактай алдык.  

Мындан тышкары, экономикалык өсүштү, финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, ошондой эле фискалдаштыруу, салык жана бажы жол-жоболорун башкаруунун, бааларды камсыз кылуунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча чаралардын комплексин көрүүгө багытталган 2022-жылга Министрлер Кабинетинин деталдуу иш-чаралар планы кабыл алынган. 

Божомолдорго ылайык, 2022-жылы экономика 3,7 пайыз өсөт деп күтүлгөн. Ал эми инфляциянын деңгээли 14-15 пайыз чегинде болжолдонгон.

Ыкчам кабыл алынган антикризисттик чаралар жана жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү, ички резервдерди стимулдаштыруу чараларын кабыл алуунун негизинде, 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 919 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга өстү.  

Мындай жогорку темпте өсүүнүн маанилүү шарты болуп, 

Биринчиден, салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган олуттуу иш чаралар саналат. 

Кабыл алынган чаралардын негизинде салыктык түшүүлөр 229 млрд сомду түзүп, анын ичинде дээрлик 154 млрд сому салык саясатынын чаралары менен, ал эми 74 млрд сому бажы төлөмдөрүнөн камсыз кылынды. Өткөн жылга салыштырмалуу салык жана бажы төлөмдөрүнүн өсүшүн 48,3 жана 58,5 пайызга жогорулата алдык. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн базасы өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү, мисалы бирдиктүү салык боюнча 1,5 эсеге. 

Экинчиден, монетардык эмес жана монетардык саясатынын чараларынын негизинде инфляцияны белгиленген чекте кармап турууга жетиштик. 

Жылдын жыйынтыгында инфляция 14,7 пайызды түздү. Эгер антикризисттик иш чаралары кабыл алынбаганда инфляциянын деңгээли 18 пайызга же андан да жогору болушу мүмкүн болмок,- деп билдирди министр Д.Амангелдиев.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу