“Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Новости
12-Январь 2023-ж.
1528

“Экспорттук контроль жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына, ошондой эле "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамын өлкөнүн Конституциясына ылайык келтирүү максатына ылайык иштелип чыккан. 

«Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы экспорттук контролду жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдар менен тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

Иштелип чыккан мыйзам долбоору курал-жарактын, аскердик техниканын, аскердик багыттагы буюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде аскердик продукциянын экспортун, импортун жана транзитинин кыймылын мамлекеттик жөнгө салууну белгилейт.

Ошону менен бирге, лицензияларды жана уруксаттарды берүү түрүндөгү аталган ченемдик укуктук актылар “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамда аныкталгандыгын белгилей кетүү керек.

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр аскердик продукцияга, анын ичинде экспортко, импортко, транзиттик жана реэкспортко байланыштуу бардык иш-аракеттерге мамлекеттик контроль чараларын күчөтүүгө, ошондой эле аскердик продукциянын тизмесин өз убагында тактоого, аларды сыпаттаманын макулдашылган системасына ылайык кодификациялоого жана товарларды коддоого жардам берет.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумдарында талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу буларга мүмкүндүк берет:

- экономиканын жарандык секторлорунда гана эмес, ошондой эле анын чегинде да колдонулушу мүмкүн болгон товарларга карата экспорттук контроль жаатында БУУга кирүүдө республика өзүнө алган милдеттенмелерге ылайык. аскердик максаттардын алкагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын шайкеш келтирүүгө;

- так аныкталган процедура туруктуу жана түшүнүктүү мыйзамдык базаны түзөт, коррупциялык тобокелдиктерди азайтат;

- мыйзамсыз продукцияны колдонуудан улам зыян келтирүү тобокелдиктери азаят.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу