2022 жылдын 28 декабырында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында учурдагы кырдаалды эске алуу менен, пайда болгон чакырыктарды жана тобокелдиктерди анализдеп, 2022-жылга кризиске каршы иш-чаралар планын иштеп чыкканын баяндады.
Министрдин айтуусунда, бул пландын негизги өзөгү болуп калкты керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылуу маселелерин чечүү, ошондой эле экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү менен мамлекеттин негизги социалдык милдеттенмелерин толук аткаруу боюнча маселелер саналат.
Мындан тышкары Планда ирригациялык курулмаларды, социалдык обьекттерди куруу, ишкерлерди мындан ары колдоо жана аларга жеңилдетилген насыяларды берүүнү узартуу маселелери каралган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылы экономика туруктуу өнүгүү жолуна түштү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен ички дүң продуктунун көлөмү дээрлик 781 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 107 пайызды түздү.
Ал эми экономикадагы негизги секторлорго көңүл бурсак, өнөр жай ишканалары тарабынан дээрлик 383 млрд сом суммасында продукция өндүрүлгөн, өндүрүштүн көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өскөн.
Айыл чарбасында 323 млрд сом суммасындагы дүң продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын ушул мезгилине карата реалдуу өсүш темпи 106 пайызды түздү.
Курулуш тармагында дагы өсүү темпи байкалган, Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү январь-ноябрь айында дээрлик 131 млрд сом болуп, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 105 пайызга өскөн.
Жалпысынан кызмат көрсөтүү тармагынын товар жүгүртүүсү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга өскөнү байкалган.
Ал эми соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоога багытталган иш-аракетттердин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41 пайызга көбөйдү, анын ичинде импорттун көлөмү 76,4% өскөн, ал эми экспорт 23,1% азайганы байкалган.
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен өз ара соодасы 3 823 миллион долларды түзүп, 39,2%га өстү, анын ичинде. экспорт 1 261 млн долларды түздү (өсүү 1,9 эсе болду), импорт – 2 562 млн. долларды түздү (22,9% га өскөн).
Кыргыз Республикасынын экспортунун жалпы көлөмү алтындын экспортунун төмөндөшүнүн эсебинен кыскарган, алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү дээрлик 1,7 эсеге көбөйүп, 1 860 млн. долларды түздү.
Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсү ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында жогорку деңгээлде болуусу болжолдонуп жатат.
2022-жылдын башында 3,7 пайызга өсүү болжолдонгон эле, бирок 2022-жылдын 11 айынын көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 2022-жылдын жыйынтыгын кайра карап чыкканда, министирликдин эсеби боюнча 6,4 пайызга өсүү болот. Инфляциянын деңгээли 15 %дын тегерегинде болот.
Ошол эле мезгилде экономиканын тармактарындагы болжолдуу өсүш төмөнкүдөй бааланат: айыл чарбасында – 6,2%, өнөр жайда – 11,4%; тейлөө тармагында – 103,7%, курулушта – 4,9%.
Албетте жогоруда белгиленген өсүү көрсөткүчтөрүнө жетүү жана чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруу алкагында 2022-жылы Министрлер Кабинети тарабынан бир топ алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлдү.
Экономикалык саясат 2 багытта жүргүзүлдү:
Биринчи, кризиске каршы чаралар жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү.
Экинчиден, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, ички резервдерди стимулдаштыруу.
Социалдык экономикалык чакырыктарга ыкчам аракететтенүүнүн алкагында социалдык маанидеги товарлардын баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн жеңилдетилген финансалык каражаттар бөлүндү, тийиштүү бизнес-ассоциациялары менен атайын бааларды туруктуу кармоого багытталган келишимдер түзүлдү, товардык интервенциялар жүргүзүлдү жана ошондой эле жөнгө салуу механизмдери киргизилди.
Өзгөчө белгилеп кетсем, азык-түлүк товарларынын кымбаттап жатышына жол бербөө максатында социалдык маанилүү товарлар үчүн КНСтин нөлдүк ставкалары белгиленди.
Кантты алымсыз импортоого квоталар алынды, натыйжада 200 т. кум шекер квота менен алынып келинди.
Көмүр өндүрүүчүлөргө жана ташуучуларга көмүрдүн жана жеткирүүнүн баасы бекитилди.
Айрым продуктуларды экспорттоого тыюу салынды.
Ошондой эле социалдык колдоо жана жумуш менен камсыз кылуу максатында биринчи иретте бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин статусун жогорулатуу, алардын ишине кошумча стимул берүү үчүн алардын эмгек акысы 50%дан 100%га чейин жогорулатылды.
2022-жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50%га жогорулатылды;
2022-жылдын 1-апрелинен тартып бардык денгээлдердеги билим берүү кызматкерлеринин (мектепке чейинки, жалпы орто, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында) эмгек акысы 80%га, администрациялардын кызматкерлеринин эмгек акысы - 50%га, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдыкы - 80%га көбөйдү;
2022-жылдын 1-апрелинен тартып маданият, искусство, маалымат жана спорт кызматкерлеринин кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды;
2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык камсыздандыруу системасынын 2 850 кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50%дан 100%га чейин жогорулатылды;
2022-жылдын 1-августунан тартып мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды.
Ошондой эле укук коргоо органдарын жана күч түзүмдөрдү чыңдоонун, эмгек акыларын төлөө шарттарын жакшыртуунун алкагында алардын да эмгек акысы жогорулатылды.
Мындан тышкары 2021-жылдын 1-октябрында башталган социалдык камсыздоо боюнча чегерилген жөлөкпулдардын 50% жогорулатуу, ал эми 2022-жылдын январынан тартып 100% жана 200% көбөйтүлдү.
Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин көтөрүлүп, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 115%га индексацияланды, натыйжада пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү же 1988 сомго көбөйдү.
Жарандарга турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыяларды берүү улантылууда.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан 4,6 млрд. сом суммасында 1 781 ипотекалык насыя берилди. Ошентип, мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында ипотекалык компаниянын портфели 9,5 млрд сомго барабар болду.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компанияда 17 188 жаран катышып жатат, анын ичинде 8 162 жаран банк-партнерлордун тизмесинде турат жана каржылоону күтүп турууда.
Пайыздык ставкаларга токтолуп кетсек, мамлекеттик кызматкерлер үчүн жылдык пайыздык ставкасы 4 пайызга түшүрүлдү, ал эми калган жалпы жарандарга 8 пайыз менен берүү каралган.
Мигранттарды турак жай сактык компаниясы механизми аркылуу турак жай менен камсыздандыруу механизми иштелип чыгып 2023-жылдан баштап ишке киргизилет.
Министрлер Кабинетине 2022-жылга жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте социалдык турак жайларды курууга багытталган комплекстүү иштерди жүргүзүү, мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай куруунун жаңы механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
Азыркы мезгилде бул иш чара толугу менен аткарылып:
"Менин үйүм 2026" Программасынын алкагында өлкө боюнча жалпы аянты 300 гектарга жакын жер тилкелеринин реестри түзүлүп, ал жерге көп кабаттуу турак жайларды курууга шарт түзүлдү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында турак жай курууда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Бул максаттарды ишке ашыруу багытында, ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси бекитилди.
Ишкерлерге бизнести ачуунун жана жүргүзүүнүн тартиби, Кыргыз Республикасындагы фискалдык режим жана бир катар башка маалыматтарды, анын ичинде чет өлкөлүк ишкерлер үчүн кеңири маалыматты алууга мүмкүндүк берүүчү бизнес-гайддар иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын интерактивдүү картасы иштелип чыкты.
Салык кодексинин жаңы редакциясы ишке кирди, ага ылайык жалпы салык режими жана жөнөкөйлөштүрүлгөн салык тутуму киргизилди.
Жалпысынан Салык саясатынын алкагында 40 ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, алар бизнес-чөйрө жана инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу экономикалык өсүштү стимулдаштырууга багытталды.
Ошондой эле Салык саясаты боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргомокчу.
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн алкагында, товарлардын эсепке алынбаган/контрабандасы үчүн салыктык башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп, иш аракеттер уланууда.
Сапаттын улуттук инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерине (стандартташтыруу, метрология, шайкештикти ырастоо, аккредитациялоо) өзгөчө көңүл бурула баштады.
Электрондук лицензия жана уруксааттама берүү платформасы пилоттук түрдө ишке киргизилди.
Электрондук соода чөйрөсүндө соода инфратүзүмүн жана почта операцияларын өнүктүрүү максатында өлкөнүн ири транспорттук түйүндөрүнө жакын жайгашкан Электрондук коммерция паркын куруу боюнча долбоор ишке ашырылып баштады.
Транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү кеңейтүүнүн алкагында альтернативдик маршруттар иштелип чыгарылды жана жакынкы арала активдүү сүйлөшүүлөр фазасына өтөбүз. Атап кетсек, Узбекистан- Туркменистан-Россия, Узбекистан-Туркменистан-Азербайджан, Узбкистан-Туркменистан-Иран маршруттары боюнча.
Ошондой эле министр Өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктарына токтолду.
Алсак, өнөр жай тармагында да алгылыктуу иш чаралар жүргүзүлдү.
2022-жылдагы экономиканын жогору темптеги өсүүсү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жогорулатууга мүмкүндүк түздү.
2022-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 235,3 млрд сомду же планды 99,2% ды түздү, ал эми 2021 жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 44,3% га, же 72,3 млрд сомго өстү.
Отчеттук мезгилде салыктык кирешелердин көлөмү 181.9 млрд сомду же пландын 95,7% ды түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 63.2 млрд сомду же 53,2% ды түздү.
Ошондой эле 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 58,2% га же 24.1 млрд сомго өстү.
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салыктык кирешелери 116.4 млрд сомду, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 50,5% га же 39.0 млрд сомго өстү.
Салыктык эмес кирешелер 41.0 млрд сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4% га же 4.5 млрд сомго көбөйгөн.
Бюджеттин ушундай киреше булактары өскөндүгүнө байланыштуу чыгаша бөлүгү да көп болду, жалпысынан чыгаша бөлүгүнүн 68.0 млрд сомго көп болду.
Мындан тышкары аймактык саясатты жүргүзүүнүн негизги иш чаралары Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталды.
Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, анда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн, мамлекеттик сатып алуулардын атайын жол жобосу бекитилди.
Ошондой эле, кагылышууда жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечимдери кабыл алынды.
Аталган чечимдерге ылайык:
- жабыр тарткан ар бир ишкерге 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө бир жолку компенсация төлөп берүү;
- жабыр тарткан ишкерлерге бюджеттик кредиттерди берүү;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу (0%)
- салыктын 5 түрүнөн ан бошотуу чечими кабыл алынды.
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын жыйынтыгына карата “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында Баткен облусунда 395 ишкерге дээрлик 291 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди.
Ошону менен катар, Кыргызстанда административдик аймактык реформаны ишке ашыруу башталды. Аталган реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыгы кабыл алынып, аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун заманбап методдорун жана инвестициялык активдүүлүкө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен райондорду адистештирүүгө жана өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө негизделген концепциясы иштелип жатат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформа жөнүндө” Кыргыз Республиксынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун иштеп чыкты.
Жарлыктын долбоорунда ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагын 5 айыл аймагына бириктирүүнү жана бириккен жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мамлекеттик колдоо, мамлекеттик ыйгарым укуктарды этап-этабы менен өткөрүп берүү каралган. Бүгүнкү күндө Жарлыктын кабыл алынуусу күтүлүүдө.
Ошондой эле чек ара аймактарын өнүктүрүү жана дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобонун жаңы редакциясы бекитилди.
Бүгүнкү күндө ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгы менен Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунан жана Ош облусунун Чоң-Алай районунан кошумча 52 калктуу конуштарга өзгөчө статус берүү боюнча чечими кабыл алынды.
Ал эми Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун жаңы редакциясы иштелип чыкыт. Жергиилктүү фонддорго өнөктөш банктар менен биргеликте аймактардагы бизнес-долбоорлорду жеңилдетилген пайыздык чен боюнча каржылоо мүмкүндүк берилди.
Сөзүнүн аягында министр Д.Амангелдиев буларга токтолду: үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктары жакшы динамиканы көрсөтүп жатат, экономикабыз тышкы факторлорго адаптация процессин өттү десек болот, ошондуктан келерки жылга коюлган максаттарга жетүү үчүн 2023-жылдын планын толук кандуу аткарууга бүт күчүбүздү жумшообуз зарыл деп ойлойм.
Эмки 2023-жылы да экономикада өсүү траекториясы байкалып, оң динамикага өтүү уланып, дээрлик 5 пайызга өсүү деген көрсөткүчкө жетээрин күтөбүз.