Экономика жана коммерция министрлиги: Кыргыз Республикасынан жыгач материалдарын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынат

Новости
21-Декабрь 2022-ж.
2971

Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги Россия Федерациясынын (мындан ары - РФ) «Россия Федерациясынын аймагынан чыгуу үчүн Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ЕАЭБ ТН ВЭД 4403 товардык позициясында классификацияланган товарлардын  өткөрүү пункттарын аныктоо жөнүндө» токтому кабыл алынганын билдирет. 2022-жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясынын аймагынан чийки жыгачты ташып чыгуу Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасы аркылуу айрым өткөрүү пункттарынан гана жүзөгө ашырылаары белгиленген.

Россия Федерациясынын Чечиминде каралган өткөрүү пункттарынын географиялык жайгашуусун эске алуу менен Россия Федерациясынан Кыргызстанга жана Казакстанга жыгач материалдарын ташып чыгууга иш жүзүндө толугу менен тыюу салынган.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын демилгеси менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер тарабынан бир катар товардык позицияларга, анын ичинде жыгачка карата экспортту жөнгө салуу чараларын колдонуу боюнча нускама кабыл алынган.

Россия Федерациясынан пошлинасыз ташылып келинген жыгач материалдарынын үчүнчү өлкөлөргө агымын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасы мезгил-мезгили менен ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан жыгач материалдарын ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөөлөрдү киргизет.

Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 01.08.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасынан жыгач жана жыгач материалдарын ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому бар. 

Тыюу Россия Федерациясынан келген жыгач материалдарына карата гана эмес, ошондой эле келип чыккан өлкөгө карабастан жыгачты экспорттоого карата да киргизилген.

Ички керектөөнүн маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасына 29 680 метр куб экспорттук квота бөлүнгөн, анын чегинде кыргызстандык ишканалар жыгач ташып келишет.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынан жыгач материалдарын ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары ташып чыгуу мүмкүн эмес.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу