Кыргызстан ДСУнун платформасында АКШнын соода саясатына сереп салууга катышты

Новости
16-Декабрь 2022-ж.
2485

2022-жылдын 14-декабрында ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттарынын (UTP) соода саясатынын серепине катышты.

Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов билдирди. Сөзүнүн башында Н.Максүтов АКШнын Соода өкүлүнүн орун басары жана Женевадагы миссиясынын башчысы Мария Паган айым башында турган өлкөлөрдүн делегацияларын жылуу кабыл алып, АКШнын соода жана соода тармагындагы 2018-жылы акыркы он төртүнчү кароодон бери инвестициялык саясаттагы өзгөрүүлөр тууралуу так маалымат алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Н.Максүтов белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттары жалпы баалуулуктарга жана принциптерге негизделген бир катар маселелер боюнча өнөктөштүк мамиле түзүп келет. Географиялык алыстыкка карабастан, эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, саясий жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуунун күчтүү жана туруктуу негизи түзүлдү.

«Биздин өкмөттөр өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча бири-бири менен дайыма кеңешип турушат жана эл аралык соода сыяктуу маселелер боюнча кызматташууну улантуунун баалуулугун моюнга алышат», - деп баса белгиледи Н.Максүтов.

АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн акыркы жолугушуусу 2021-жылдын март айында АКШ-Борбор Азия соода жана инвестициялык алкактык макулдашуунун (TIFA) жолугушууларынын алкагында болуп, анда аймактык сооданы кеңейтүү жана эки тараптуу соода мамилелерин тереңдетүү жолдору талкууланган.

Белгиленгендей, азыркы этапта эки тараптуу мамилелер 20дан ашык келишимдер, анын ичинде инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча макулдашуулар, өз ара түшүнүшүү меморандуму жана башкалар менен жөнгө салынат.

Андан ары Кыргызстандын өкүлү ВСП макамынын Кыргызстан үчүн ролун жана маанисин жана АКШ-Кыргыз Ишкер кеңешинин алкагында эки өлкөнүн бизнес-компанияларынын кызматташтыгын белгиледи.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы АКШ менен тышкы соода жүгүртүү 105 млн 566 миң АКШ долларын түздү (экспорт – 4511; импорт – 101155), бул 16,4%га азайгандыгын билдирет.

Н.Максүтов товарларды соодалоодон тышкары кызмат көрсөтүү тармагында, өзгөчө туризм, инвестиция, өндүрүш жана айыл чарба тармагында кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.


Айрыкча TIFA жана USAID алкагында көрсөтүлгөн каржылык жана техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирилди.


Ошондой эле, Н.Максүтов Кыргыз Республикасынын атынан Америка Кошмо Штаттарына адилет жана ачык дүйнөлүк соода системасын колдоо боюнча туруктуулугу үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын жумушчуларды соода саясатынын борборуна тарткан, COVID-19 пандемиясына каршы туруу, туруктуу чөйрөнү жана климатты колдоо, бүткүл дүйнө боюнча адилеттүү экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана негизги соода өнөктөштөрү менен иштөө боюнча АКШнын "Мурдагыга караганда, калыбына келтирүү жакшыраак" программасы тууралуу өзүнүн таасирин билдирди.


Соңунда ал Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын баалуу өнөктөшү экенин белгилеп, ДСУдагы эки тараптуу кызматташуу өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн маанилүү элементи болуп саналат. Ал ошондой эле АКШ менен ДСУда мындан аркы тыгыз кызматташууну жана Америка Кошмо Штаттарынын делегациясына соода саясатынын 15-серепинен ийгиликтүү өтүшүн каалады.


Маалымат иретинде:

Соода саясатын карап чыгуу механизми – бул ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатына жана алардын ДСУнун эрежелерине, нормаларына жана милдеттенмелерине ылайык келишине жамааттык мониторинг жүргүзүү системасы.

ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатын үзгүлтүксүз карап чыгуунун максаты ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатынын ачыктыгын жогорулатуу аркылуу көп тараптуу соода системасынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү болуп саналат.

ДСУнун бардык мүчөлөрү соода саясатын карап чыгуу процессинен өтүшөт. Дүйнөлүк соодада эң чоң үлүшкө ээ болгон төрт өлкө (Европа шериктештиги, АКШ, Япония жана Кытай) эки жылда бир жолу, андан кийин 16 мамлекет төрт жылда бир, калгандары алты жылда бир процедурадан өтүшөт. Азыраак өнүккөн өлкөлөр үчүн узак мөөнөт аныкталышы мүмкүн.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу