2022-жылы “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында Бишкекте Улуттук бренд сынагы өтөт

Новости
14-Декабрь 2022-ж.
2534

2022-жылдын 16-декабрында саат 9:30да Бишкектин Hyatt Regency мейманканасында үч жылдан бери биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте  Бир айыл - бир продукт 2022 (БАБП) Улуттук бренд конкурсу өткөрүлөт .

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев куттуктоо сөзү менен чыгып суйлөшөт.

Бул иш-чарага чет мамлекеттердин элчилери катышаары күтүлүүдө.

Долбоордун алкагында   Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аймактык платформалар жергиликтүү сырьедон жасалган уникалдуу продукцияны иштеп чыгуу жана сатуу бренд комитеттери түзүлдү.

2019-жылдын март айында долбоор ар бир региондон тандалып алынган бренддик продукцияларды чогултуп, (Биринчи Улуттук Бренд конкурсу 2019) жалпы улуттук товар конкурсун өткөрдү .

2020-жылдын март айында долбоор улуттук бренд сынагын өткөрүүнү пландаган, бирок иш-чара COVID-19 кырдаалынан улам токтотулган.

Маалымат иретинде:

БАБП долбоору JICA тарабынан КР ЭКМ менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор Ысык-Көл облусунда 2007-жылдан бери (15 жылдан ашык) ишке ашырылып келет.

Долбоордун негизги иш-аракети жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен БАБП ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтууга, кирешелүү БАБП продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, алардын сапатын жогорулатууга жана туруктуу, өзүн-өзү түзүүгө багытталган. 

Долбоор ата мекендик ишкерлерге жалаң жергиликтүү ресурстардын эсебинен сапаттуу сертификацияланган продукцияны өндүрүүгө жардам берет. Долбоорлордун алкагында бал, табигый ширелер жана кыямдар, кийизден жасалган буюмдар жана башкалар өндүрүлүп, сатылууда.

Учурда БАБП продукциялары Япония, Россия, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

2021-жылы жалпы сатуунун 46% экспорттолуп, 54% ички сатуулар болгон.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу