Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы: биргелешкен ишканаларды түзүү менен өнөр жайдын бардык тармактарында кооперацияны чыңдоо жөнүндө

Новости
08-Декабрь 2022-ж.
1899

2022-жылдын 8-декабрында Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин эл аралык конгрессинин Кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Бул жыйындын катышуучуларын куттуктоо сөзүндө КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу кыскача маалымат берди. 2022-жылдын 10 айында ички дүң продукция былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 14,3%га, айыл чарба өндүрүшү 6,7%га өскөн. Негизги капиталга инвестиция 101%ды түздү.

Практика көрсөткөндөй, дүйнөлүк экономикалык мамилелердеги өзгөрүүлөрдүн жогорку динамикасы мамлекеттердин өз потенциалын ишке ашырууга жетишүү үчүн биригүүгө умтулуусун шарттайт. Ушуга байланыштуу сиздердин Конгресс өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алуу процесстерин оптималдаштыруу механизмдерин ишке киргизүү үчүн катализатор болуп саналат,- деди министр. 

Бүгүнкү күндө интеграцияны тереңдетүү жана мүчө мамлекеттердин улуттук инфраструктуралык компоненттерин өнүктүрүүнү талап кылган Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларга көңүл буруу зарыл.

Министр Д.Амангелдиев ошондой эле индустриалдык-инновациялык өнүгүү жолуна ырааттуу өтүү менен өндүрүштүн туруктуу өсүү темпине жетишүүгө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жана өнөр жай продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын өнөр жай саясатын белгиледи.

Бул багытта биз өндүрүштүк потенциалдын, жогорку кошумча нарктагы продукцияны өндүрүү боюнча кубаттуулуктардын жогорулагандыгын, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү менен өнөр жайдын бардык тармактарында кооперациянын чыңдалышын көрүп жатабыз.

Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана жогорку технологиялык өндүрүштөрдү калыптандыруу Биримдиктин маанилүү импорттон көз карандысыз болушуна мүмкүндүк бермек, атап айтканда, сөз Кыргыз Республикасындагы микроэлектроника жана фармацевтика жөнүндө болуп жатат.

Жарым өткөргүчтүү микросхемаларга суроо-талап өсүүдө, аларды жасап чыгаруу болуп көрбөгөндөй темп менен өсүп жатат. Бүгүнкү күндө микроэлектрондук технологиялар тармагын өнүктүрүү, узак мөөнөттүү келечекте Биримдик өлкөлөрүнүн микроэлектрондук өнөр жайына дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн арасында өзүнүн алдыңкы позициясын ээлөөгө мүмкүндүк берет жана Кыргыз Республикасы кремний өндүрүү боюнча интеграцияда алдыңкы өлкөлөрдүн бири болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.


ЕАЭБдеги дагы бир перспективдүү долбоор – бул фармацевтика тармагын кыска мөөнөттүн ичинде өндүрүштүк жана технологиялык потенциалды максималдуу тургузууну камтыган инновациялык өнүгүү жолуна өтүү. Өздүк алдыга умтулган фармацевтикалык технологияларды өнүктүрүү жана жогорку технологиялык өндүрүштөрдү уюштуруу, анын ичинде кооперативдик негизде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жай саясатынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

ЕАЭБдин бизнес-коомчулугу менен биргелешкен аракеттерди активдештирүү экономикада жаңы инновациялык секторлорду түзүүгө өбөлгө болот,- деп баса белгиледи министр, ошондой эле бул багытта тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулоону жана иштеп чыгууну сунуштады.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү жана экономикалык каатчылыкты жоюу үчүн биргелешкен күч-аракетти талап кылган бул багытта аткарыла турган иштер көп,- деди сөзүнүн аягында министр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу