Кыргызстандын делегациясы Женевада өткөн КБТОнун 9-серептөө конференциясына катышууда

Новости
29-Ноябрь 2022-ж.
1603

КБТО талаптарын аткаруу боюнча координациялоо иштери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлгөнүн эске алып, учурда министрликтин өкүлдөрү республиканын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирге Женевада, Швейцарияда 9-конференцияга катышууда.

9-серептөө конференциясынын иши 2022-жылдын 28-ноябрынан 16-декабрына чейин созулат, кыргыз делегациясы 2022-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин иш-чараларга катышат.

Бул конференцияга Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов катышып, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Конференциянын бешинчи күнүндө кыргыз делегациясы КБТО талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча презентация өткөрөт.

Кыргыз делегациясынын 9-серептөө конференциясынын ишине катышуусу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин демилгеси менен уюштурулган.

КБТО - Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сактоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө Конвенция.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу