БАРЭКтин 21-Министрлик конференциясы болуп өттү

Новости
24-Ноябрь 2022-ж.
1597

2022-жылдын 24-ноябрында Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (БАРЭК) программасынын министрлер конференциясы онлайн режиминде өттү. Конференцияга КР БАРЭКтин Улуттук координатору – Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов катышты.

Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Президенти Асакава мырза куттуктоо сөзүн сүйлөдү, ага БАРЭК өлкөлөрүнүн министрлери, Дүйнөлүк банк жана башка өнүктүрүү өнөктөштөрү БАРЭК программасынын улуттук координаторлору жана 11 БАРЭК мүчө-өлкөлөрүнүн башка жогорку кызмат адамдары, ошондой эле АӨБ өкүлдөрү катышты. 

Конференция БАРЭК программасынын ишмердүүлүгүн карап чыгып, төмөнкү документтерди карап чыкты жана кабыл алды:

- Пандемиядан жашыл, туруктуу жана инклюзивдик калыбына келтирүү үчүн БАРЭК алкактары;

- БАРЭК аймагындагы айыл чарбаны өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташтыктын негиздери;

- БАРЭК Жашыл энергия альянсы;

Министрдин орун басары К.Абдрахманов өз сөзүндө БАРЭК программасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын жана жетишкендиктерин белгиледи. Тактап айтканда, ал Борбордук Азия чөлкөмүнө азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин олуттуу жакшыртууга, айыл чарбасын модернизациялоону тездетүүгө, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу жана коргоо деңгээлин жогорулатуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө жардам бере турган  маселелердин актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи. Соңунда министрдин орун басары өлкөнүн ар бир кызыкдар катышуучу адам менен бардык багыттар боюнча, өзгөчө жашыл күн тартибинде өз ара пайдалуу жана көп векторлуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат катары:

БАРЭК программасы 11 катышуучу-өлкөнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бул БАРЭК аймагы үчүн экономикалык өсүштү тездетүү жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнү тездетүү үчүн узак мөөнөттүү аймактык кызматташтык демилгечиси катары өнөктөш болуп саналат.

БАРЭКке мүчө өлкөлөргө: Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.

БАРЭК программасы өз максаттарына техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жетет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу