Бизнести колдоодо жана өнүктүрүүдө финансылык институттардын маанилүү ролу жөнүндө

Новости
24-Ноябрь 2022-ж.
1446

2022-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кыргыз Республикасындагы ал бардык ири эл аралык каржы институттарын, Кыргызстандын жеке секторун каржылоону камсыз кылуучу өнүктүрүү фонддору жана бизнес-коомчулуктун потенциалдуу кызыкдар адамдарын жана бардык ири банктарды бириктирген IBC FinEx 2022 биринчи иш-чарага катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Министрдин орун басары өз сөзүндө бизнести колдоодо жана өнүктүрүүдө бул рынокту жеткиликтүү финансылык продуктылар жана кызматтар менен камсыз кылууда каржы институттарынын маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле, ал иш-чаранын катышуучуларына жеке секторду колдоо жана өнүктүрүү үчүн өнүктүрүү институттарынын ресурстарын консолидациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ошону менен бирге министрдин орун басары К.Абдрахманов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды даярдоо үчүн түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналган Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши түзүлөт, ошондой эле аларды ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар Координациялык кеңештин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.

Муну менен катар Координациялык кеңештин биринчи жыйынынын алкагында (2022-жылдын июнь айы) инвестициялык долбоорлордун уникалдуу базасын түзүү, алардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Долбоордук кеңсе түзүлгөн. Долбоордук кеңсе артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана ар тараптуу даярдоо үчүн кийинки колдоо менен артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууну “ачкыч тапшыруу” шартында ишке ашырат. Буга ылайык, катчылыктын функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин түзүмүндө өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүм түзүлдү.

Ушуга байланыштуу К.Абдрахманов бизнес-түзүмдөрдү кийин Координациялык кеңештин жыйынына киргизүү үчүн өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча катчылыкка сунуштарды киргизүүгө чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу