КР ЭКМ алдындагы Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Стамбулда SMIIC Башкы Ассамблеясынын 17-жыйынына катышууда

Новости
22-Ноябрь 2022-ж.
1018

2022-жылдын 22-ноябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында SMIICтин 17-Башкы Ассамблеясы болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынан КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков катышты.

SMIIC Ислам мамлекеттеринин стандартташтыруу жана метрология институту болуп саналат, ал мүчө мамлекеттердин экономикасын жакшыртууга,  алардын ортосундагы соода кызматташтыгын өнүктүрүү максатында салым кошууга кызмат кылат. Азыркы учурда SMIIC мүчө мамлекеттердин арасында метрология, лабораториялык сыноо, органдарды сертификаттоо жана аккредитациялоо тармагында бирдейликке жетишүүнү, ошондой эле халал индустриясы тармагында ИКУнун мүчөлөрүн окутуу жана техникалык жардам көрсөтүүнү максат кылууда.

17-отурумдун ишинин жүрүшүндө мүчө мамлекеттерде халал индустриясынын инфраструктурасын жакшыртуунун жаңы милдеттери, уюмдун ишинин стратегиялык, финансылык жана техникалык маселелери каралды.

Белгилей кетсек, SMIIC Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) алдында иш алып барат. ИКУнун мүчөсү гана SMIICтин толук кандуу мүчөсү боло алат. SMIIC учурда 47 мүчө мамлекетти камтыйт. Быйыл Азербайжан менен Тажикстан SMIICке мүчө мамлекеттер катары кошулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу