Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө

Новости
22-Ноябрь 2022-ж.
1242

2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода боюнча кеңешчиси Хусейин Коч мырза менен жолугушту.

Ошол эле учурда бул жолугушууга Кыргыз Республикасында каржы, курулуш, жеңил өнөр жай, соода ж.б.у.с. тармактарда иш алып барган түрк бизнесинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, жалпысынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети инвестициялык климатты, жеке секторду жакшыртууга, административдик чектөөлөрдү жоюуга, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды кыскартууга жана ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө чоң көңүл буруп жаткандыгы айтылды.

Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болгондугуна жана алыскы чет мамлекеттер менен тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлегендигине байланыштуу жолугушуунун катышуучулары колдо болгон потенциалды эсепке алуу менен эки тараптуу соода жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүүчү Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк бизнесинин өкүлдөрү курулуш жана өнөр жай тармагында бизнес жүргүзүүгө уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү мүмкүндүгү боюнча суроолорду беришти.

Ошону менен бирге эки тарапты тең кызыктырган кызматташтыктын башка тармактарына тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жолугушуунун катышуучулары кыргыз-түрк мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишеним билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу