Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыктары жөнүндө

Новости
21-Ноябрь 2022-ж.
1496

2022-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Демилгелүү айымдар» Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясы (мындан ары – Коалиция) менен биргеликте 2022-жылдын 9-ноябрынан 17-ноябрына чейин өткөн Кыргыз Республикасындагы Аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүштү.

Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын начальниги Муса Катаганов; “Демилгелүү айымдар” аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясынын төрайымы Айнура Сагынбаева;  “Курак” аялдар форумунун төрайымы - Айжан Жуманалиева,    Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү,  “Борбор Азия аялдар лигасы” коомдук фондунун аткаруучу директору Жумагүл Эгембердиева катышты.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Министрлик тарабынан 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын иш-чараларынын аткарылышы, ошондой эле өлкөдө аялдардын ишкердигин колдоо боюнча ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Ишкер аялдардын микробизнесин колдоо максатында учурда АӨБнын 500 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттарын пайдалануу аркылуу ишкер-аялдарды жеңилдетилген насыялоо боюнча долбоорду ишке киргизүү маселеси каралып жатат. 

Ошондой эле пресс-конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ишкер аялдардын өлкө экономикасына кошкон салымын таанууга арналган иш-чаралар, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн бизнес климатты жакшыртуу жана өлкө боюнча бардык кызыкдар тараптарды бириктирүү боюнча талкууланган маселелер тууралуу маалымат беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу