Ош шаарында “Экспорт кербени-2022” маалымат кампаниясы башталды

Новости
21-Ноябрь 2022-ж.
1267

2022-жылдын 21-ноябрында Ош шаарында «Экспорт кербени-2022: онлайн инструменттер аркылуу экспортту илгерилетүү жана инвесторлорду коргоо механизмдерин киргизүү» маалыматтык кампаниясы башталды. Иш-чараны мындан ары Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Каракол жана Таласта өткөрүү пландалууда. Семинар 2-декабрда аяктайт.

Экспорт кербенинин максаты продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселеси, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин колдонуу жана эл аралык сапат стандарттарын киргизүү менен байланышкан инновациялар жана тенденциялар жөнүндө республиканын бизнес-коомчулугуна, ошондой эле инвесторлорго коргоо механизмдери жүнүндө маалымат берүү берүү болуп саналат.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө КР Экономика жана коммерция министрлигинин, УИАнын, КР МЭК алдындагы Тышкы соода боюнча бирдиктүү терезе борборунун, ПРООНдун «Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоорунун, «Ready4Trade - Борбордук Азия» долбоору төмөнкү темалар боюнча маалымат берет:

-Экспортту кантип баштоо керек жана кантип ийгиликтүү экспортер болуу керек? Продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселеси менен байланышкан инновациялар жана тенденциялар;

- Экспорт жана продукциянын сапаты боюнча онлайн инструменттер жана колдонмолор: EXPORT.GOV.KG, INFO.TRADE.KG, Сапаттуу соода компасы, Бирдиктүү терезе маалымат системасы ж.б.;

- инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды колдоо тартиби жөнүндө;

- Электрондук коммерцияны кантип баштоо керек?

- ЕАЭБтин техникалык регламенттери жана эл аралык сапат стандарттарын ишке ашыруу (HACCP, ISO, GLOBAL GAP, FAIR TRADE.

Бул иш-чара Финляндия өкмөтү жана Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) тарабынан каржыланган ПРООНдун Соодага көмөктөшүү долбоорунун жардамы менен өткөрүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу