Бишкекте электрондук жол баракчасын колдонуу маселеси талкууланды

Новости
16-Ноябрь 2022-ж.
1593

2022-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын финансы министнрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы жана КР ФМ караштуу МСК төрагасынын орун басарынын катышуусунда  электрондук накладнойлорду (мындан ары - ЭТТН) колдонуу маселеси боюнча кеңешме өттү.

Бул кеңешме 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын аймагындагы товарларды эсепке алуу жана контролдоо” токтомун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр үчүн ЭТТН маалымат тутумунун даярдыгы боюнча маселелер талкууланды.

Маалымат иретинде:

ЭТТН колдонушат:

1. 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайдын жана мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркировкалануучу товарлардын жүгүртүүсүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү;

2. 2022-жылдын 1-июлунан тартып - ЕАЭБдин бажы аймагына импорттолуучу товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык ЕЭК бекиткен тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү;

3. 2023-жылдын 1-январынан тартып - 1 жана 2-пункттарга кирбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу