ЭКМ министринин биринчи орун басары ЭВФ миссиясынын жетекчиси менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү келечегин талкуулады

Новости
10-Ноябрь 2022-ж.
1999

2022-жылдын 9-ноябрында Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясынын башчысы Николоз Гигинеишвили менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен болгон макулдашуунун IV беренесинин алкагында жолугушту. 

Жыйында экономикадагы акыркы өзгөрүүлөр жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги талкууланды.

Ч.Сейитов 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгына кыскача токтолуп, экономиканын учурдагы абалы жана терс тышкы таасирлердин Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасирин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып, ошондой эле кызыктырган суроолор боюнча кеңири маалымат берди. 

Өз кезегинде Н.Гигинеишвили мырза берилген ар тараптуу маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, ЭВФ менен түзүлгөн келишимдин IV беренеси боюнча бул миссиянын максаттары тууралуу айтып берди, ошондой эле Кыргызстандагы макроэкономикалык кырдаалга баа берип, айрым маселелер боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сектордун иш менен камсыз кылуу системасы жана эмгек акы фонду, энергетика тармагы, мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу тармактарда реформаларды ишке ашырууга көңүл бурду.

Ал ошондой эле ЭВФтин кызматкерлери тарабынан «Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо системалары жана жакырчылык», «Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүүсүнө көнүү жана анын кесепеттерин жоюу», «Мамлекеттик ишканаларды башкаруу» жана бул багыттарды талкуулоого жана натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу