Россия Федерациясы менен экономикалык кызматташтыктын программасына кол коюлду

Новости
09-Ноябрь 2022-ж.
1704

Жакында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин алкагында КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешинин теңтөрагаларынын жыйынына катышты. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссия Бишкекте өттү.

Жолугушуунун алкагында КР Министлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиев жана РФ Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары А.Л. Оверчук    ара сооданы диверсификациялоого жана көбөйтүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташуу программасына кол коюшту. 

Россия Федерациясы менен болгон соода жүгүртүү 2022-жылдын сегиз айында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 миллиард доллардан ашты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу