Бүгүнкү күндө СМТ (социалдык маанилүү товарлар) рыногунда баалардын абалы жөнүндө

Новости
09-Ноябрь 2022-ж.
1818

Бүгүнкү күндө канттын баасы туруктуу, ошондуктан республика боюнча орточо эсеп менен 1 кг кумшекер 88,2 сомдон сатылууда. «Кошой» АК заводунун дүң сатуу баасы 1 кг 77,8 сом. Кант кызылчасынан өндүрүлгөн кантка “Кайыңды Кант” ААКсынын дүң сатуу баасы 80 сом/кг, чийки камыш кантынан 79,8 сом/кг. Кант кызылчасын кайра иштетүү “Кайыңды Кант” АК заводунда активдүү жүрүп жатат. Республикада канттын жетиштүү запастары бар.

Кыргыз Республикасында өсүмдүк майынын баасы төмөндөө тенденциясына ээ: октябрь айында бир литр орточо эсеп менен 154 сомдон сатылса, бүгүнкү күндө орточо баасы 1 литри 153 сомдон сатылууда. Ири берүүчүлөрдүн орточо айлык запасы бар. Соода мекемелери өсүмдүк майын чектөөсүз сатууда.

Күйүүчү-майлоочу май базарында баанын төмөндөшү байкалууда. Нефтетрейдерлердин айтымында, республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар. Республика боюнча А-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 61,6 сом/л. Рыноктогу кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, рыноктун катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Министрлик Нефтетрейдерлер союзу менен биргеликте күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча ар жума сайын күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа боюнча сурамжылоо жүргүзүү, рыноктогу кырдаалды талдоо жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иш алып барууда. күйүүчү-майлоочу материалдарга, ак ниет атаандаштыктын принциптерин так сактоо, ошондой эле резервдерди эсепке алуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу аркылуу баанын деңгээлин кармап туруу куралын колдонот.

Социалдык маанидеги товарлардын баасы турукташып, акыркы эки айда кант, өсүмдүк майы, ун сыяктуу товарлардын баасы төмөндөөдө. Баанын төмөндөшүнө мамлекет тарабынан көрүлгөн бир катар чаралар, атап айтканда, КНСти нөлгө түшүрүү, ошондой эле экспортко тыюу салууну киргизүү таасир эткен. Мындан тышкары, кумшекерди сатуу боюнча өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, чекене түйүндөр, ошондой эле ун өндүрүү жана сатуу боюнча ун тартуучулар ассоциациясы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү. Акыркы келишимдер баалардын абалына оң таасирин тийгизип, бүгүнкү күндө 1-сорттогу унду 1 кг 43,6 сомдон сатып алууга болот.

Биздин өлкөнүн негизги соода өнөктөшү Россия Федерациясы болуп саналат. Учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу товарларды ташуунун/жеткирүүнүн логистикалык чынжыры үзгүлтүккө учурады, бул товарлардын баасын кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой калды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы товарлардын орточо рыноктук наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана коңшу мамлекеттердин арасында эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Өлкөлөр ортосундагы баанын айырмасы ар бир мамлекет тарабынан берилген ар кандай салык ставкалары, алымдар жана субсидиялардын өлчөмдөрү менен шартталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу