Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 2022-жылдын 3-ноябрында онлайн кыргыз-индия өкмөттөрүнүн кезектеги (10) жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Министрдин орун басары белгилегендей, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө кызыгуу чоң.
Кыргыз тарап үчүн Индия өнөр жай өндүрүшүндө, анын ичинде кара металлургияда, машина курууда, жеңил жана химиялык өнөр жайда, энергетикада жана башкаларда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин эске алганда, бул өзгөчө мааниге ээ.
Белгилүү болгондой, экономиканын тармактарынын негизги бөлүгү тигил же бул даражада машиналар жана жабдуулар менен камсыз кылуунун деңгээлине жараша болот. Монтаждоо өндүрүшү жана автомобиль өнөр жайы өз өлкөсүндө өнөр жайды өнүктүрүүгө ниеттенген дээрлик бардык өлкөлөр үчүн өнөр жайды өнүктүрүүнүн негизги элементтеринин бири болуп саналат.
Бүгүнкү күндө республиканын бул чөйрөсүндөгү иштин негизги багыты өндүрүштүк-технологиялык процесске ата мекендик материалдарды киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында монтаждоочу заводдорду уюштуруу жана чет өлкөлүк ишканаларды локалдаштыруу болуп саналат.
Азыркы учурда республиканын өнөр жай саясаты индустриалдык-инновациялык өнүгүү жолуна ырааттуу өтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен өндүрүштүн туруктуу өсүү темптерине жетишүүгө багытталган.
Ошондой эле өнөр жайда мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасын жана инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө дем берүү, анын ичинде токтоп турган өнөр жай ишканаларын модернизациялоо жана ишке киргизүү аркылуу 2022-жылдын январь айында мамлекеттин 100% катышуусу менен «Кыргызиндустрия» ААК түзүлдү.
Жалпысынан Кыргыз Республикасы тиричилик техникасын, медициналык жана лабораториялык жабдууларды чыгаруу боюнча биргелешкен өндүрүштү ачууга кызыкдар.
Кыргызстандын эсептөө системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу, акыркы продукцияны (компьютердик технологиялар, маалыматтарды сактоо системалары, телекоммуникациялык жабдуулар, өнөр жай автоматташтыруу системалары ж.б.) өнүктүрүү үчүн технологиялык чынжырларды бөлүштүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор санариптештирүүнүн мүмкүн болгон багыттары болуп калышы мүмкүн.
Кыргыз тарап үчүн өнөр жай өндүрүшүндө адам потенциалын жогорулатуу боюнча иштер маанилүү.
Ушуга байланыштуу Индия тараптын өнөр жай ишканаларынын потенциалын өнүктүрүүгө, станок куруу, күн энергиясы, робототехника сыяктуу ар кандай тармактарда квалификациясын жогорулатууга багытталган Технологиялык инкубациялык борборлорду түзүү идеясын илгерилетүү боюнча сунушу абдан актуалдуу.
Бүгүнкү күндө бул багыт Кыргыз Республикасы үчүн жаңы экенин эске алып, биз Технологиялык инкубация борборлорунун ишмердүүлүгү, аларды түзүү шарттары жана Индия тараптын бул маселеде Кыргыз тарапка көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат үчүн ыраазы болобуз, - деп кошумчалады министрдин орун басары.
Соңунда министрдин орун басары А.Үсөнбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасы Индия тараптын 1-отурумун өткөрүү менен текстиль тармагындагы кызматташуу боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн активдештирүү демилгесин кубаттайт.
Ошондой эле бул жумушчу топтун ишмердүүлүгүн жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды аныктоого жана ишке ашырууга багыттоо жана эки өлкөнүн ишканаларына биргелешкен иштерди жолго коюуга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.