Пресс-анонс Бишкекте E-Commerce EXPO 2022 электрондук коммерция форуму өтөт

Новости
20-Октябрь 2022-ж.
2145

21-октябрда Novotel мейманканасында Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция Ассоциациясы, Экономика жана Коммерция министрлиги тарабынан иш-чаранын башкы өнөктөшү –санариптик төлөм тармагындагы дүйнөлүк лидер жана GLOVOнун расмий өнөктөшү Visa компаниясынын колдоосу менен Кыргызстандагы эл аралык электрондук коммерция форуму өтөт.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасындагы электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү. Иш-чарада эң ири эл аралык электрондук коммерция компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөшөт.

Электрондук коммерция Ассоциациясы – Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча иш алып барган компаниялардын тобу. Ассоциациянын негизги максаты - Кыргызстандагы онлайн бизнестин кызыкчылыктарын коргоо, онлайн бизнеске дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү жана ассоциация мүчөлөрүнүн ортосунда тармактык платформа түзүү.

E-Commerce EXPO 2022 көргөзмөсүндө Visa, Glovo, Wildberries, Halyk Bank, OZON, Alibaba сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү жана башка эксперттер чыгып сүйлөп, алар төмөнкүлөрдү айтып беришет:

- маркетплейс жөнүндө;

- финансылык төлөмдөр жөнүндө;

- транспорттук логистика жөнүндө;

- инфраструктура жөнүндө;

- эл аралык платформаларда соода жүргүзүү тажрыйбасы жөнүндө.

Бул форум кеңири аудиторияны, ири бизнести онлайн жана оффлайн стратегияларын диверсификациялоо жагынан, чакан жана орто бизнести аудиториясын кеңейтүү жана сатуу рыногун кеңейтүү жагынан кызыктырат.

Катышуучулар алган жаңы билимдерин, инструменттерин жана ыкмаларын колдоно алышат, чет элдик жерлерде спикерлердин тажрыйбасын кайталай алышат жана өз бизнеси үчүн жаңы чечимдерди сынап көрүшөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу