Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө электрондук сооданын негизги концепциялары көрсөтүлдү

Новости
19-Октябрь 2022-ж.
2352

2022-жылдын 18-октябрынан 19-октябрына чейинки мезгилде электрондук коммерциянын негизги концепциялары жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Ысык-Көл облусунун Сары-ой айылында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) каржылык колдоосунда “Электрондук технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” деген темада семинар өтүүдө. 

Семинардын алкагында электрондук коммерцияны өнүктүрүү менен алектенген мамлекеттик кызматкерлер электрондук коммерциянын негизги концепциялары, өлкөнүн экономикасына тийгизген пайдасы тууралуу негизги билимдерди жана конкреттүү түшүнүктөрдү алышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы кичи жана орто бизнес үчүн өсүп жаткан дүйнөлүк электрондук коммерция рыногунун мүмкүнчүлүктөрү, электрондук коммерция экосистемасынын негизги элементтери (финтех, логистикалык чечимдер, электрондук коммерция маркетинги ж.б.) көрсөтүлөт.

Жалпысынан бул иш-чара 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук сооданы колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн комплекстүү негизин камсыз кылууга түрткү берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу