Караколдо БАБП өндүрүштүк жана окуу борбору ачылды

Новости
17-Октябрь 2022-ж.
2432

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана масштабдоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында «Бир айыл – бир продукт» (БАБП) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жетектеген Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, JICAнын Кыргызстандагы өкүлү Андо Тахекиро жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Окава Соичиро  таанышуу сапары Ысык-Көл облусуна келишти. 

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар жер-жерлерде БАБП долбоорунун ишмердүүлүгү менен таанышып, долбоордун катышуучулары Ысык-Көл облусунун акимдери, өндүрүшчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушту.

Белгиленгендей, БАБП долбоору өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө, айыл жеринде аялдардын ролун жогорулатууга көмөктөшүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө олуттуу салым кошо алат.

Мындан тышкары, Каракол шаарында БАБПтын өндүрүш жана  окуу борборунун ачылыш аземи болду.

Бул борбор бир гана өндүрүш цехи эмес, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жашоочулардын өндүрүштүк жөндөмдөрүн үйрөнүүгө жана жогорулатууга мүмкүнчүлүк алган окуу борбору. 2017-жылдан тарта Ысык-Көл БАБП модели өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылып келет. Бул жакка башка аймактардын өндүрүшчүлөрү да таанышуу сапарына келип, борбордо окуудан өтүшөт дегенди билдирет.

Иш-чарага ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, жергиликтүү өндүрүшчүлөр, БАБП Ассоциациясынын жана  Ысык-Көл бренди Комитетинин мүчөлөрү, башка коноктор жана өнөктөштөр да катышты.

Маалымат иретинде:

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы буйругуна ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгы жана координациялоочу органы болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу