Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоону колдоорун ырастады

Новости
14-Октябрь 2022-ж.
2193

Вашингтондо (АКШ) Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйыны өтүүдө.

Жылдык жыйынга КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен КР Каржы министри Алмаз Бакетаев, кыргыз тараптан Эл аралык валюта фондунун кеңешчиси Толкунбек Абдыгулов да катышууда.

Бул иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги менен, атап айтканда, Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча вице-президенти Риккардо Пулити, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Наквинин катышуусу менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде энергетика, транспорт, агробизнес, туризм жана жеке секторду өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоону, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык кризистин, инфляциянын өсүшүнүн кесепеттерин жумшартууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көмөк көрсөтүүнү колдой тургандыгын ырастады.

Дүйнөлүк Банк тобунун башкаруучулар кеңешинин жана Эл аралык Валюта Фондунун отурумдары жыл сайын өткөрүлөт, анда жакырчылыкты кыскартууга, эл аралык экономикалык өнүгүүгө жана финансылык ишмердүүлүккө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат. Жыл сайын өтүүчү жолугушуулар эл аралык өнөктөштүк үчүн аянтча катары кызмат кылат жана кызматташуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу