Астанада өтүп жаткан Борбордук Азиялык соода форумунун алкагында Бажы кызматтарын санариптештирүү жөнүндө

Новости
12-Октябрь 2022-ж.
1992

Казакстанда 12-Борбордук Азия соода форуму өтүүдө. Астанадагы форумдун темасы бажы кызматтарын санариптештирүү болду.

Форумдун алкагында Борбордук Азиянын бажы администрацияларынын өкүлдөрү санариптик чечимдерди жана кызматтарды өнүктүрүү, чоң маалыматтарды, телематика жана булут кызматтарын колдонуу сыяктуу алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашууда.

Форумга КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. Алар өлкөнүн санариптештирүү аракеттери жана кагазсыз соодага өтүү боюнча өкмөттүн саясатын тааныштырышат.

Бул форумга ошондой эле Борбордук Азиянын, Азербайжандын, Грузиянын, Кореянын, Латвиянын жана АКШнын бажы администрацияларынын өкүлдөрү катышып, алдыңкы санариптик инструменттердин жана технологиялардын кеңири спектрин изилдөө максатында катышууда.

2022-жылдын 13-октябрында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Соодага көмөктөшүү боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Улуттук комитеттердин (СКУК) аймактык жумушчу жыйынына катышат.

Жумушчу жолугушуунун негизги максаты - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин Регионалдык платформасынын алкагында натыйжалуу жана туруктуу кызматташууну камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде кызматташуу жөнүндө меморандумду иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жана  СКУК аймактык платформасы үчүн маалымат ресурстарын талкуулоо

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу