Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасында бизнести каттоо боюнча колдонмону иштеп чыкты

Новости
05-Сентябрь 2022-ж.
1580

Өлкөдө бизнести каттоонун этап-этабы менен кеңири нускамаларын алууга мүмкүндүк берүүчү документ биринчи жолу иштелип чыкты. Бул бизнесмендерге, анын ичинде Кыргыз Республикасына келген жана биздин өлкөдө бизнес жүргүзүүнү көздөгөн чет элдик жарандарга пайдалуу болот.

Мамлекетибиздин аймагында бизнесин өнүктүрүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат, алардын көпчүлүгү мамлекеттик органдардын кеңири ачык маалыматынын жоктугу менен акталат. Жаңы документ башка колдонмолор менен бирге бул көйгөйдү жоюуга багытталган.

«Биз Кыргыз Республикасында бизнести каттоонун бардык жол-жоболорун тартипке келтирүүгө умтулуп жатабыз. Биринчи кезекте каттоо жол-жоболору жана аны ишке ашырган органдар тууралуу ачык-айкын, так, деталдуу маалымат берүү зарыл”, - деп билдирди жаңы документ боюнча КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Колдонмо ПИН алуу жана ар кандай түрдөгү юридикалык жактарды андан ары каттоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү камтыган этап-этабы менен инструкцияларды, Калкты тейлөө борборлорунун жана Ишкерлерди тейлөө борборлорунун даректерин, мамлекеттик органдардын иш убактысы жөнүндө маалыматтарды, зарыл документтерди жана каттоо мөөнөттөрүн , ошондой эле процедуранын башка деталдарын камтыйт.

Документ Кыргыз Республикасында жеке ишкердик менен алектенүүнү каалаган көчүрүүчүлөр үчүн комплекстүү колдонмо болуп калат. Кошумчалай кетсек, документ көчүү үчүн өлкөнү тандап жаткан жарандарга көчүп кетерден мурда онлайн режиминде түздөн-түз КР мамлекеттик органынан толук жана толук маалымат алууга жардам берет.

«Башка мамлекетте бизнесин ачкан адамга эң негизгиси маалымат керек. Аны толук камсыз кылууга аракет кылабыз. Биздин өлкө үчүн мындай иштер кыргызстандыктар үчүн жаңы жумуш орундарын гана эмес, бизнес жүргүзүүгө боло турган жер катары мамлекеттин позициясын бекемдөөнү да билдире алат», - дейт КР МЭКтин бизнес чөйрөсү башкармалыгынын начальниги Муса Катаганов.

Колдонмого төмөнкү шилтеме аркылуу кайрылсаңыз болот: https://mineconom.gov.kg/ru/direct/385/398


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу